Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

Оштогу кодулоо менен каралоо күч алган үгүт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоо күнү жакындаган сайын интернетте атаандаш партиялардын бири-бирин каралаган билдирүүлөрү көбөйдү.

Жергиликтүү айрым серепчилер атаандаштык шайлоого катышып жаткан партияларда эмес, талапкерлер ортосунда жүрүп жатканын айтышууда.

Расмий маалымат боюнча шаардык милицияга 15 билдирүү түшкөн. Алардын ичинде интернет аркылуу басмырлоого кабылгандардан арыз түшкөн эмес. 11-июлга белгиленген Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого тогуз партия ат салышууда.

Журналист Хулкар Исамова шаардык кеңешке депутат болуу үчүн "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясынан талапкерлигин койгон. Исамова эки күндөн бери коомдук тармактарда интернет буллингге, башкача айтканда басмырлоого кабылганын айтууда.

Хулкар Исамова.
Хулкар Исамова.

"Экинчи күн катары менен мага карата интернеттен чабуул болуп жатат. Эмне болгон күндө да адамгерчилик болушу керек да. Анткени, кара пиарды колдонуп, адамдын жекелигине асылуу туура эмес. Эми алардын (ред: башка партиялардын) ушундай ыплас нерселер менен алектенген технологдору бар экени ачыкка чыкты. Ооба, мага ыңгайсыз болду. Бирок мен буга даяр элем".

Исамова ага карата жалган маалыматтарды таратып, жеке керт башына асылгандарды аныктаганын, бирок аларды ачык айтпай эле коюуну чечкенин айтты. Ошондой эле, милицияга да кайрылбаганын кошумчалады.

"Биздин Кыргызстан" партиясынын лидери Медербек Абдыманаповдун айтымында, алардын талапкерлери да интернетте каралоого дуушар болууда. Муну ал атаандаштарынын саясий деңгээлинин төмөндүгү менен түшүндүрүүдө.

Медербек Абдыманапов.
Медербек Абдыманапов.

"Ар дайым саясий өнөктүк болгондо тилекке каршы, биздин саясий партиялардын, айрым талапкерлердин саясий маданияты алда канча төмөн экени көрүнүп калат. Социалдык тармактар аркылуу бир программаны, анын механизмдерин талкуулагандын ордуна "бул талапкер андай болгон", "тиги талапкер аны алдап кеткен" деген каралоо менен алек болуп калдык. Акыркы жумада биздин партияга да каралоо, аргументи жок, далили жок жалаа жабылып жатат".

Бул эки партиянын өкүлү тең аларды каралап жаткан кайсы бир партиянын же талапкердин атын ачык айткан жок.

Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери Ош шаардык милициясына жалпысынан 15 кайрылуу келип түшкөн. Бирок алардын арасында интернет буллинг боюнча бир да арыз жок.

Адатта түштүк калаада шайлоо өнөктүгү өтө курч атаандаштыкта өтчү. Бул жолу шайлоого аттанган саясий партиялар үгүт иштерин мурдагыдай жандуу жүргүзбөгөнү байкалат.

Саясат таануучу Төлөгөн Келдибаев да партиялардын шайлоого даярдыгы солгун экенин белгиледи. Ал интернетте тирешкендер аймактагы, көчөдөгү добуштарды талашкан эле талапкерлер деген пикирде.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

"Бул тиреш партиялар ортосунда эмес, талапкерлердин эле ортосундагы келишпестик болушу мүмкүн. Таасир талашуу, аймактан добуш алуу аракети болуп жатат да. Ар бир партия талапкерлерге аймактарды, кичи райондорду, маалелерди бөлүштүргөн. Ошолордун добуш талашуусунан улам чыгып жаткан иштер".

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, 3-майда Токмок, 11-майда Ош, 19-майда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Анткен менен бул шайлоодо деле административдик ресурсту колдонуу аракети болуп жатканы айтылууда.

Бул маселени 7-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев да көтөрдү. Ал Министрлер кабинетинин өкүлүнө кайрылып, мындай көрүнүштөргө чара көрүүгө чакырды.

“Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандын пайдасы жок болуп жатат. Анткени кайра эле ошол көрүнүштөр кайталанууда. "Форма 2" жок болгону менен башка жакка каттоо уланууда. Айрым партиялар административдик ресурс колдонуп жатат. Мыйзам бузуулар болууда, шайлоону жокко чыгаргандан кийин аягына чейин таза өткөрүп койбойлубу”, - деди депутат.

Эл өкүлү кайсы партия административдик ресурс колдонуп жатканын ачык айткан жок.

11-июлга белгиленген кайра шайлоого катышуу үчүн Ош шаардык кеңешине тогуз партия документтерин тапшырган.

Алардын ичинен "Келечек-Будущее", "Нур", "Биздин Кыргызстан" саясий партиялары шаардык кеңешке жаңы катышып жатат. Калган алтоо - "Ынтымак", "Улуу Журт", "Бир Бол", "Бүтүн Кыргызстан", "Ата-Журт - Кыргызстан", "Улуттар Биримдиги" 11-апрелдеги жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо ат салышкан.

Парламенттик шайлоо качан өтөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:27 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG