Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Мадумаров: өнүгүү жергиликтүү кеңештерден көз каранды


Акрам Мадумаров
Акрам Мадумаров

Шаардык кеңештерге өткөн акыркы шайлоодо көпчүлүк депутаттар соодагерликтен, ишкерликтен келгени, бийликти натыйжалуу иштетүүгө, көзөмөлдөөгө алсыз экени тууралуу кептер айтыла баштады. Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы жетекчиси, экс-вице-премьер Акрам Мадумаров "Азаттыкка" маек курду.

-Жергиликтүү бийликти тандоодо жергиликтүү кеңештердин аракети өзүн актап жатабы?

-Эми жергиликтүү бийликти дайындоону да, шайлоону да көрдүк. Эки ыкманын тең кемчилиги да, жетишкендиги да бар. Азыр шайлоо же дайындоо дегенге караганда, тандоо деген маселе актуалдуу болуп турат. Кадрды тандоо боюнча талаптарда да маселе бар. Талапкер үчүн коюлган талаптар болушу керек. Анын билим деңгээли, иш тажрыйбасы каралышы керек. Азыр татыктуу кадрлар жок деп көп айтышат ко. Андай эмес. Жетиштүү деңгээлде тажрыйбалуу, билимдүү жигиттер, кыздарыбыз бар. Бирок, ошолорду тандап, татыктуу кызматка дайындоо - маселе. Дагы бир коркунучу - тааныш-билиш, кимдир бирөөнүн таасири менен татыксыз кадрлар дайындалып же шайланып калганда терс натыйжа болуп жатпайбы. Ушундай жол менен адистик чеберчилиги, иш тажрыйбасы эске алынбай келип калган жетекчи болсо, жеке кызыкчылыктар алдыңкы орунга чыгып жатат. Негизи, кадр дайындоо, тандоо үчүн алдын ала даярдоо, тепкичтерди басып өткөнү, тажрыйбасына көңүл бурулушу керек деп ойлойм.

-Сиздин пикириңизде шайланганда же дайындалганда эмес, кадр даярдоодо, тандоодо маселе болуп жатабы?

- Албетте. Жетекчилик кызматтар дайындоо атайын бекитилген талаптары жок, тажрыйбасы, аракети аракети жок болбойт. Баары эле бир аз ишкердик кылып, акчасы топтолгондо, “мен мамлекетке кызмат кылат элем” деп чыгып, жетекчилик кызматтарга бара бергендерди көрүп жатабыз го. Акыркы учурда ушундай жол менен кызматка баргандардын натыйжасын сезип жатабыз. Эч качан жакшы ишкер, жакшы бизнесмен жакшы мамлекеттик кызматкер боло албайт. Анткени, ар бир тармактын өзүнүн талаптары болушу керек. Дагы бир эске алчу негизги маселе, кайсыл бир жерге жетекчи дайындалганда бир жылга жетпей аны улам алмаштыра берүү туура эмес саясат деп эсептейм. Улам алмаштыра бербей, башында туура тандаш керек.

- Жетекчилердин иши ушундай натыйжасыз болуп калбашы үчүн жергиликтүү кеңештер бар да. Алардын орду кандай болуп жатат?

-Эми бул адамдын өзүнө, деңгээлине эле байланыштуу. Бийликтин натыйжалуу иш алып баруусу үчүн жергиликтүү кеңештердин орду чоң. Эгер ошол адамды аймактагы эл, шайлоочулар тандап, ал билимдүү тажрыйбалуу болсо, бийлик да татыктуу иштейт. Дагы бир маселе, акыркы он жыл аралыгында жергиликтүү кеңештин депутаттарын окутуу маселеси каралбай калды. Мен Кадр кызматында жүргөнүмдө Мамлекеттик башкаруу академиясынын багытын өзгөртүп, окутууларды баштап жатканбыз. Тилекке каршы, ошол иш аягына чыкпай калды. Ошол эле өнүккөн мамлекеттерде деле жергиликтүү кеңештин депутаттары атайын курстардан, окутуулардан өткөрүлөт.

Аларды шайланып келгенден кийин алты айга чейинки аралыкта окутуш керек. Ошондо аткаруу бийлигинин натыйжалуу иштешине жардам берет. Элдин катмарынан чыккан депутаттарды окутмайынча, алар даяр деп айтканга болбойт. Ошол депутаттардын деңгээлине жараша аткаруу бийлигинин аракети болуп жатат. Көрүп эле жүрөбүз да. Кайсыл айыл аймактын депутаттары активдүү, деңгээли жогору болсо, ошол айылда өнүгүү болуп жатат. Кайсыл аймакта депутаттардын деңгээли төмөн болсо, иштей албаса, айыл аймакта да ошондой. Жеке кызыкчылыктар, элдин маселеси чечилбейт.

Ошондуктан, шайланып келген депутаттын деңгээли начар деп отурбай, аларды кыска мөөнөттүү курстардан өткөрүп, натыйжалуу иштетип алса болот. Өнүгүүнү камсыздоо үчүн жергиликтүү кеңештин орду маанилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG