Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Парламенттин кетер алдындагы “мурасы”


Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү төрт мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документ бир жума мурун парламентте сынга кабылып, күн тартибинен алынып салынган. Бирок эч кандай өзгөртүүсүз эле депутаттардын кароосуна кайра киргизилип өтүп кетти.

Мындай учурлар парламенттин июль айындагы кезексиз сессиясында буга чейин да болгон. Эл өкүлдөрү бир айдын ичинде өлкө тагдырын чече турган олуттуу мыйзам долбоорлорун кабыл алышты. Алардын сапаты, кабыл алуудагы мыйзамдын сакталышы суроо жаратты.

Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга байланыштуу төрт мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 29-июлда биринчи окууда кабыл алды.

“Министрлер кабинети жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” документтердин автору президент Садыр Жапаров.

Мыйзам долбоорлору парламенттин 22-июлдагы жыйынында каралып депутаттар биринен-бири өтүп ачуу сындарды айткан. Бир катар депутаттар документтер чийки экенин билдирип, кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтаруу сунушун берген. Жыйынтыгында демилгечилер долбоорлорду күн тартибинен алдырып салууга аргасыз болушкан. Бир жума өткөндөн кийин ошол эле төрт документ Жогорку Кеңешке кайра киргизилгенин депутат Рыскелди Момбеков сынга алды.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

“Өткөндө алдырып салсак, бүгүн кайра салдырып коюптурсуңар. Эч нерсесин өзгөртпөй туруп ошол эле бойдон алып келишиптир. Жергиликтүү, шаардык кеңештердин депутаттары шайланып калды. Алар шайлоого катышып каражат салды, добуш алды, мандат тапшырылды. Эми алардын ыйгарым укуктарын тартып алсак рейдерлик болуп калат да. Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерин премьер-министр, калган шаарлардын мэрлерин аким шайлайт экен. Таластан мэрин Талас районунун акими шайлайбы?”.

Долбоор боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Бишкектин жана Оштун мэрлерин, ал эми район акимдери айыл өкмөт менен башка шаар башчыларын дайындап калат. Бул үчүн жергиликтүү кеңештин макулдугу керек болот.

Министрлер кабинетинин төрагасын, орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин жетекчилерин парламенттин макулдугу менен президент дайындайт. Аткаруу бийлигинин мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартыш үчүн өлкө башчынын макулдугу керек. Мамлекеттик сыйлыгы бар министрлер мыйзам бузган учурда камалбайт.

Акимдин орду саясий кызмат болуп эсептелет жана кол тийбестик укукка ээ. Кылмыш жасап жаткан жеринде кармалган учурду кошпогондо, ал да кармалышы жана камакка алынышы мүмкүн эмес. Алар да президенттин макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылат.

Депутаттар бул документтерде президент жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө кеңири укуктар менен өзгөчө артыкчылык берилгенин туура эмес көрүшөт. Ошондой эле долбоорлор мамлекеттик башкарууда башаламандыкка алып келерин эскертип жатышат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев мыйзам долбоорунда кемчиликтер бар экенин моюнга алып, депутаттардан биринчи окууда концепциясын кабыл алып берүүнү суранды. Ошентип долбоорлор биринчи окууда өттү.

“Депутаттар менен консультациялар болду. Биз жумушчу топ түзүп июль, август айларында мыйзам долбоорлорун бир сыйра карап, сунуштарды талдап кайра иштеп чыкканга даярбыз”.

Төрт долбоорду иштеп чыгуу үчүн депутаттар кирген атайын жумушчу топ түзүлмөй болду. Ушундан улам 29-июлда документке байланыштуу суроо деле берилген жок.

Парламент “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын ушуга окшош эле жол менен кабыл алды. Депутаттар документти 30-июнда четке каккан. Бирок бир айдан кийин 28-июлда талаш-талкуу менен өтүп кетти.

Жогорку Кеңештин депутаттары июль айындагы кезексиз сессияларда өлкө тагдырын аныктаган, укуктук маселелерди жөнгө салган бир катар мыйзам долбоорлорун топ-тобу менен колдоду. Башкаларын айтпаганда да сот бийлигинин ишин жөнгө салган документтерди, жаңы кодекстерди, экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү,президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорлорун, “фейктерге” каршы делген документти кабыл алды.

29-июлда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезексизсессиясын жыйынтыктап жатып төрага Талант Мамытов өзү да парламент сунушталган мыйзам долбоорлорун калтырбай колдоп бергенин шардана кылды.

Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

“Албетте, көптөгөн талаш-тартыштар болду. Бирок өкмөт, президент сунуштаган мыйзам долбоорлорун толугу менен кабыл алып бердик. Биз экономикалык кризистен, ушул абалдан эртерээк чыгып мыйзамдар эл үчүн иштесе экен деп колдоп бердик”.

Мунун алдында эле айрым депутаттар мыйзам долбоорлорун топ-тобу менен кабыл алууга каршы экенин билдирип чыгышкан. Алар документтер жакшы талкууланбай эле чийки мыйзамдар өтүп кетип жатканын билдирип, кесепетин эл тартарын айтышкан. Парламент кезексиз сессиясынын акыркы күндөрү күн сайын 20дан ашык маселени карап, эл аралык келишимдерди, мыйзам долбоорлорун кабыл алышты.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

“Мыйзам долбоорлору талкууланган деле жок. Документтер шашылыш эле кабыл алынып жатканы баарына эле көрүнүп турду. Сөз эркиндигине зыянын тийгизе турган долбоор одоно мыйзам бузуу менен өттү. Депутаттар президенттин резиденциясына эки жолу чайга барып келгенден кийин мыйзамды колдоп беришти. Жайдын саратанында элдин баары эс алып жүргөндө күнүгө 5-6дан маанилүү долбоорлорду кабыл алып жатышты”, - деди укук коргоочу Рита Карасартова.

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сегизинчи сессиясы 30-июнда ишин аяктаган. Депутаттар 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барып, август айында эмгек өргүүсүнө чыкмак. Бирок Талант Мамытов депутаттарды 5-июлдан 30-июлга чейинки аралыкта ар шаршемби жана бейшемби күндөрү кезексиз отурумдарга чогултуу тууралуу буйрукка кол койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG