Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 04:04

Парламент талаштуу маалымат мыйзамын колдоду


Бишкекте сөз эркиндигин колдоп уюштурулган акциялардын бири. 2020-жыл.

Парламент колдогон талаштуу маалымат мыйзамы карапайым калкка каршы колдонулушу мүмкүн деген чочулоо бар.

Жогорку Кеңештин 28-июлдагы жыйынында депутаттар коомдо чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алышты. Долбоорду 97 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы болду.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында өтпөй калган. Бирок 28-июлда депутаттар аны кайра добушка коюу демилгесин көтөрүштү. Долбоорду кайра добушка коюуга 95 депутат "макул", 5 депутат гана "каршы" болду.

Депутат Дастан Бекешов мыйзам долбоорун колдогон жана каршы болгондордун тизмесин "Фейсбукка" чыгарды.

Документти Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген.

Ушул эле мыйзам долбоору буга чейин “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып, парламент былтыр экинчи жана үчүнчү окууда удаа кабыл алып, президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.

Быйыл, 2-июнда парламентте документтин макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам долбоору "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" деп өзгөртүлгөн жана парламенттен колдоо тапкан эмес.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, четке кагылган мыйзам долбоору алты айдан кийин гана кайра каралышы керек.

"Мыйзам долбоору четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш аны кайра кароого четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес киришиши мүмкүн", - деп жазылган Жогорку Кеңештин регламентинин 55-беренесинде.

Сөз эркиндигин колдогон акциялардын бири. Бишкек, 2020-жыл.
Сөз эркиндигин колдогон акциялардын бири. Бишкек, 2020-жыл.

“Медиа полиси” институту бул долбоор тууралуу кеңири анализ жүргүзгөн. Анда документ Баш мыйзамга, эл аралык келишимдерге каршы келип, адам укугун, сөз эркиндигин чектей турганы белгиленген. 28-июль күнү өтпөй калган мыйзамды кайра добуш берүүгө алып чыгуу регламентке каршы келээрин, алты ай өткөндөн кийин гана кайра добуш берүүгө алып чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенин жарыялаган.

“Медиа полиси” институтунун юристи Алтынай Исаева мыйзам долбоору жана депутаттардын аракети жөнүндө "Азаттыкка" ой бөлүштү:

"Бул мыйзам долбоорун кайра добушка коюу, кабыл алуу – Жогорку Кеңештин регламентин бузуу болуп саналат. Депутаттар тийиштүү эрежелерди бузуу менен аны кабыл алышты. Акыркы кадам – президентте. Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин мамлекет башчы же кол коёт, же артка кайтарат. Бирок коом арасындагы айрым маалыматтарга караганда, бул демилге президенттин колдоосу менен ишке ашып жаткан экен. Андыктан, мыйзам долбооруна вето коюлабы же жокпу, бул чоң суроо. Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери башынан эле “адам укугун” коргоо максатында жазылганын айтып келатышат. Бирок документке байланыштуу талкуулай турган көп маселе бар. Ток этерин айтканда, бул мыйзам долбоору жөнөкөй элдин укуктарын, кызыкчылыгын коргобойт. Бул документтеги механизмдер мамлекеттик органдарды, бийлик башындагы адамдарды сындагандарга каршы колдонулушу мүмкүн. Эң коркунучтуусу – сөз эркиндиги жана ойду эркин билдирүү укуктарына чектөө киргизилиши мүмкүн", - деди Алтынай Исаева.

Сөз эркиндигин колдогон митингдердин бири. Бишкек шаары, 2020-жыл.
Сөз эркиндигин колдогон митингдердин бири. Бишкек шаары, 2020-жыл.

Буга чейин Change.org платформасында бул мыйзамга каршы онлайн кол топтоо да жүргөн. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталган.

Жарандык коом былтыр да, быйыл да дал ушул мыйзамга каршы митингге чыккан. Активисттер президентти ага кол койбоого үндөшкөн.

Парламент жыйынынан жазылган видео, 30-июнь, 2021-жыл.

Мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева мыйзам кабыл алынса сөз эркиндигине тоскоолдук жаралбасын айтып, каршы чыккандарды кызыкдар тараптар деп атаган. Депутат Абдывахап Нурбаев Асылбаеваны Кыргызстандагы демократияга балта чабууга салым кошуп жатат деп сындаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG