Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Парламент партиялык тизмеден жана бир мандаттуу округдан куралат


Ош. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо.
Ош. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо.

Жогорку Кеңеш 28-июлда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды.

Документке ылайык, парламенттин 90 депутатынын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Партияны тандаган шайлоочу тизмедеги 55 талапкердин ичинен өзү тандаган талапкерге да (преференциалдык) добуш бере алат. Мажоритардык система - өз алдынча шайланып келе турган 36 депутаттын ар бир округунда 100 миңдей шайлоочу болот.

Партиялык система – саясий партия шайлоодо 5% босого чегинен өтүшү керек. Аялдардын квотасы - 30%, шайлоо күрөөсү – 1 миллион сом болот. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG