Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Олимпиада: Ирандан Монголияга качкан спортчу күмүш медал утту


Саид Моллаи. Ирандын качып, Монголиянын атынан чыккан дзюдочу күмүш медал утту. 28-июль, 2021-жыл.
Саид Моллаи. Ирандын качып, Монголиянын атынан чыккан дзюдочу күмүш медал утту. 28-июль, 2021-жыл.

Мындан эки жыл мурун Ирандан качып келип, монгол курамасына чакырылган дзюдочу Саид Моллаи Токиодогу Олимп оюндарында күмүш медал утту.

29 жаштагы Саид Моллаи 81 кг салмакта чыгып, финалдык беттеште жапон дзюдочусу Таканори Нагасэге утулуп калды.

Өз салмак категориясында 2018-жылы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон Саид Моллаи эки жыл мурда Иранды таштап, чыгып кеткен.

Анын сөзүнө караганда, ага израилдик спортчу Саги Мукиге каршы чыкпоо үчүн дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалынан баш тартууга буйрук берилген. Спортчу мындай көрүнүштөн иренжип, өз өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Иран Израилди негизги атаандашы катары эсептейт. Ошондуктан ирандык спорт жетекчилиги спортчуларына израилдиктер менен мелдешүүгө тыюу салып келет. Адатта, ирандык спортчулар мындай мелдештерге катышпайт жана катышкан күндө дагы алар менен бирге подиумга чыкпайт.

Саид Моллаи Монголияга качып келип, кийин жарандык алып, бул өлкөнүн дзюдочуларынын катарына кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG