Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов кызматтан кетти


Кадыр Маликов.
Кадыр Маликов.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин (муфтий) орун басары Кадыр Маликов кызматтан кетти. Маликов бул тууралуу "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Маликов 12-февралда кызматынан убактылуу четтей туруу жөнүндө арыз жазган.

11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан Максатбек Токтомушевдин арызын карап, канааттандырган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ажылыктагы акча чырына байланыштуу Максат Токтомушевге кылмыш ишин козгоп, камакка алган. Биринчи май райондук соту Токтомушевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, бошоткон.

Кадыр Маликов өткөн жылы декабрда интернетте тараган аудио боюнча Ички иштер министрлигине кайрыларын «Азаттыкка» маалымдаган. Анын айтымында, ал тасмада муфтиятта өткөн жыйындагы айтылган сөздөр бурмаланып, шектүү диний топтун жактоочулары катары көрсөтүлүп калган.

Буга чейин Интернетте Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Акин Токталиев, муфтийдин орун басары Кадыр Маликов баштаган диний өкүлдөрдүн жыйындагы сүйлөшүүсү жөнүндө аудио тараган. 10 мүнөттүк аудиодо өлкөдө мусулмандар көпчүлүк экенин көрсөтүш керек экендиги, саясатчылар аалымдардын айтканын кылышы керек экендиги айтылып, Баш мыйзамдагы жана саясаттагы исламдын орду талкууланган. Ал аудио жаздырууну социалдык тармактын айрым колдонуучулары шектүү диний топ түзүүгө аракет кылуу катары баалаган.

Бирок Кадыр Маликов жыйынды муфтият уюштурганын жана ал жерде радикалдуу чакырыктар болбогонун, жыйын бардык диний топтордун пикирин угуу, биримдикке чакыруу максатында болгонун белгилеген.

Кадыр Маликов муфтийдин орун басары болуп 2020-жылы 21-августта дайындалган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG