Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

АКШда Капитолийге болгон чабуул боюнча угуулар башталды


АКШ. Вашингтон. Капитолийге кол салуу. 6-январь, 2021-жыл.
АКШ. Вашингтон. Капитолийге кол салуу. 6-январь, 2021-жыл.

Быйыл 6-январда Капитолийге жасалган чабуулду иликтөө боюнча АКШ Конгрессинин комитети 27-июлда биринчи угуусун өткөрдү. Анда мурдагы президент Дональд Трамптын тарапташтарынын Капитолийди басып алуусуна каршы турган 4 полиция кызматкери күбө катары көрсөтмө берди.

Капитолийге кол салгандар тарабынан токмоктолгон полиция кызматкери Акуилино Гонел ал күнкү окуяны орто кылымдагы салгылашка салыштырды.

"Капитолийге кол салууну токтотуу үчүн биз сүрмө топ менен колмо кол салгылаштык. Ал күнү биз дуушар болгон окуя орто кылымдагы согуш талаасын элестетип турду", - деди Гонел.

Капитолийге кол салууну иликтеген Конгресстин комитетине тогуз адам кирет.

Бул комитет Сенаттагы республикачылар окуяны иликтөө боюнча көз карандысыз комиссия түзүүгө бөгөт койгондон соң уюштурулган. Комитеттин мүчөлөрүн Өкүлдөр палатасынын спикери демократ Нэнси Пелоси дайындаган. Аны конгрессмен Бенни Томпсон жетектейт.

Ал комитетте 27-июлда угууну ачып жатып, иликтөө иштери фактыларга гана негизделип, саясий оюндарга жол берилбей турганын убада кылды. Томпсон иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктарына баа берүү үчүн 6-январда Капитолийге кол салуу учурун чагылдырган видео тасманы көрүүнү сунуштады.

Республикачылар саясий боёк бар деген негизде мындай комитеттин түзүлүшүнө каршы болушту. Бул чараны комитетке кирген эки мыйзамчы-республикачынын бири, Трамптын сынчысы Лиз Чейни коргоп чыкты. Ал толук иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG