Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

Монголиянын биз билбеген кызыктуу турмушу


Монголиянын мурдагы президенти Халтмаагийн Баттулга жаңы шайланган президент Ухнаагийн Хурэлсухко бийликти тапшырып берүүдө. 25-июнь, 2021-жыл.

Монголия коронавируска каршы эмдөөнү ийгиликтүү жүргүзүп жаткан мамлекеттердин алдыңкыларына кирет. Үч миллиондон ашуун калкынын жарымынан көбү вакцинанын эки дозасын алды. Монголияда үч жарым жылдан бери жашаган журтташыбыз Азамат Абакиров бул мамлекеттеги өнүгүүлөр, демократияга карай багыты, англис жана корей тилдерин мыкты билген жаштары тууралуу айтып берди.

- Азамат, Монголияда турганыңызга канча жыл болду? Ал жакта эмне менен алектенесиз?

- Монголияга 2018-жылдын аягында үй-бүлөм менен көчүп келгенбиз. Өзүм билим берүү тармагында эмгектенем.

- Коронавируска каршы эмдөө боюнча Монголиянын көрсөткүчү жакшы бааланып жатат. Үч миллион калкынын 60% вакцинанын эки дозасын алыптыр. Мындай активдүүлүктүн сыры эмнеде болду?

- Вакцинация чындыгында ийгиликтүү болду. Мен жалпы эле эпидемологиялык кырдаал тууралуу айта кетейин. 2020-жылдын башында Кытайда коронавирус пайда болгону тууралуу маалыматтар чыгар замат эле, Монголия чек араларын жаап, мектептерди аралыктан окууга өткөрүп, санитардык чараларды күчөткөн. Ошол себептен, былтыр коронавирус дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде катуу жайылып жаткан маалда бул жакта андай болгон жок. 2020-жылдын соңунда гана инфекцияга чалдыккандардын саны бир аз көбөйө баштады. Көп өтпөй эле быйыл февраль айында вакцинация башталды. Эмдөө активдүү жүрдү, адамдар өзүлөрү барып эле сайдырышты. Менимче, бул жаатта өкмөт жакшы саясат алып барып, түшүндүрүү иштерин туура жүргүздү окшойт. Өкмөт башчы өзү биринчилерден болуп алды.

Монголиянын өкмөт башчысы Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ "Астразенека" вакцинасын алып жатат. 23-февраль, 2021-жыл.
Монголиянын өкмөт башчысы Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ "Астразенека" вакцинасын алып жатат. 23-февраль, 2021-жыл.

- Монголиялыктар жалпы эпидемиологиялык эрежелерди сакташабы? Учурда эпидемиологиялык абал кандай?

- Мени ушул нерсе аябай таң калтырды. Монголиялыктар бардык эрежелерди сактаганына баа бердим. Баш калаа Улан-Батордо беткапсыз жүргөндөрдү дээрлик көрө албайсың. Өкмөт дагы жакшы жардам берди. 2020-жылдын декабрь айынан баштап ушул күнгө чейин жарандар электр жарыгына жана жылуулукка акча төлөбөй келатышат. Ошондой эле, айрымдар коммуналдык кызмат акысын төлөөдөн дагы бошотулган. Пандемия маалында ар бир жаранга жети-сегиз миң сомдон нак акча таркатылды. Баарынын банк эсебине которулду. Эпидемиологиялык кырдаал тууралуу айта кетсем, жугузуп алгандар бар. Вакцина алгандардын көбү жеңил ооруп атышат. Витамин менен эле айыгып жатышканы кабарланууда.

- Монголия Кыргызстанга жакын болгону менен кыргызстандыктардын көп деле маалыматы жок. Акыркы учурда бул өлкөдө демократияны бекемдөө аракети жакшы жүрүп жатканы кабарланып келет. Буга соңку президенттик шайлоо дагы мисал болду окшойт, мурдагы президент өз мөөнөтүндө бийликти өткөрүп берди. Монголиянын ичинде саясатка кандай баа беришет?

- Эң туура. Жаңы шайланган президент Ухнаагийн Хурэлсухко июнь айында ант берип, кызматка киришти. Ал мамлекет башчылыкка киришип жатып сүйлөгөн сөзүндө демократияны дагы чыңдоого убада берди. Хурэлсухко башынан эле демократияга катуу басым жасап келет. Өлкөдө демократиялык өнүгүү жакшы байкалат. Сөз эркиндигине абдан маани беришет жана баалашат. Өкмөттө жаш министрлер көп. Азыркы премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Гарварддын бүтүрүүчүсү. Парламентте да чет жакта билим алгандар абдан көп. Монголия тууралуу кыргызстандыктарда чын эле маалымат аз. Болгону тарых сабактарынан эле Чынгыз хан тууралуу окуганбыз. Шайлоо күнү жана бир күн калганда дүкөндөрдө алкоголдук ичимдик сатылбайт экен. Мени ошол нерсе таң калтырды.

Монголиядагы парламенттик шайлоодо добуш берип жаткан аял. 15-октябрь, 2020-жыл.
Монголиядагы парламенттик шайлоодо добуш берип жаткан аял. 15-октябрь, 2020-жыл.

- Соңку учурда бул өлкө тышкы саясатта өнүккөн Азия өлкөлөрү (Жапония, Түштүк Корея) менен абдан тыгыз кызматташып жатканы айтылып келет. Бул жаатта кандай өзгөрүүлөр байкалат?

- Монголия Орусия жана Кытай менен эле чектешет. Бирок бул өлкө ушул эки эле чоң державанын көзүн карап отура бербестен, "Үчүнчү коңшу өлкө" деген ураан менен дагы бир тышкы саясат багытындагы чоң программасы бар экен. Саясий тилде кандай туура айтыларын билбейт экенмин. Дал ошол "үчүнчү коңшу өлкө" деп беш мамлекет тандалыптыр. Алар Жапония, Түштүк Корея, Кошмо Штаттары, Европа Биримдиги жана Түркия. Монголия ушул мамлекеттер менен мамилесин бекемдегенге аракет кылат экен. Түштүк Кореянын тили, маданияты, тамак-ашы бул жакта абдан популярдуу. Анын бирден бир себеби, бул жактан Түштүк Кореяга барып иштеген мигранттардын саны көп. Жумасына ондон көп авиакаттам бар. Ал эми англис тилин мен айтпай эле коеюн. Англис тили экинчи тилдей эле болуп калган. Улан-Батордо жаштардын дээрлик бардыгы англис тилинде сүйлөшөт. Монгол тилин билбесең деле англисче сүйлөшүп ээн-эркин жүрө аласың.

- Кыргызстандыктар көппү?

- Биз сыяктуу атайын келишим менен келип иштеп жаткан бир нече үй-бүлөнү билем. Башка дээрлик жокко эсе десем болот.

-Монголияда дагы бир кезде ыш маселеси курч болгон эле, соңку жылдарда бул көйгөй Кыргызстанда да жаралды. Бул жагын Монголия кандайча чечти же маселе дагы эле барбы?

- 2018-жылы биз жаңы көчүп келгенде ыш маселеси абдан курч болчу. 400-500 алыстыктагы имараттар көрүнбөй калар эле. Эки жылда бул көйгөйдү чечүү боюнча абдан чоң иштер жасалды. Быйыл кышта аба кыйла таза болду десем жаңылбайм. Биринчи себеби көмүр маселесин чечишти. Мурда негизинен сапатсыз көмүр жагышчу экен. Өкмөт ошондой сапаттуу көмүрдү калкка арзан баада сатты. Экинчи себеби, түнкү саат он экиден кийин жер тамда жашагандарга электр жарыгын канча бир саатка бекер кылып койду. Түн ортосуна чейин көмүр жагышса, андан кийин электр жарыгы менен үйлөрүн жылытканга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондо ыш кескин түрдө азайды. Ал эми быйыл электр жарыгын бекер кылып, ал эми жер тамдарга бекер көмүр таратып бергени үчүн ыш дээрлик жок болду десем болот.

Монголиянын баш калаасында жер үйлөрдөн чыккан түтүн. 19-январь, 2017-жыл.
Монголиянын баш калаасында жер үйлөрдөн чыккан түтүн. 19-январь, 2017-жыл.

- Монголия менен Кыргызстан кайсы тармакта кызматташтыкты өнөктөштүктү өнүктүрсө болот деген ойдосуз?

- Монголиянын аба ырайы татаал. Суук болгондуктан айыл-чарба өтө өнүккөн эмес. Мындайча айтканда эч бир жер-жемиш бышпайт десек болот. Баарын Орусиядан же Кытайдан алып келишет. Кыргызстандан жер-жемиш, алардын кургатылган түрлөрүн алып келсе эң сонун бааланат эле деп ойлойм. Жол-жоболорун карап, ошол багытта кызматташтыкты өнүктүрсө болот деген ойдомун.

- Элинин саны аз, өндүрүш анча өнүкпөгөн, айыл чарба жана кен байлыктарга ылайыкташкан Монголиянын азыркы жетишкендиктеринен шарты окшош Кыргызстан эмне үлгү алса болот?

- Санариптештирүү багытын айта кетмекмин. Бул тууралуу Кыргызстанда өтө көп сөз болгону менен, өнүгүүнү байкай элекмин. Бул жакта ошол тармак абдан өнүккөн. Мамлекеттик тейлөө толугу менен санариптешкен. "I-Монголия" деген системасы бар. Пандемия башталганы ал системанын зарылдыгы дагы артты. Үйдө отуруп эле бардык документ иштерин интернет аркылуу бүтүрсөң болот. Кичинекей эле мисал келтире кетсем, таштанды, электр жарыгы, суу, жылуулук үчүн ар бирине өзүнчө төлөбөй, бир эле төлөп, бир квитанция алсаң болот. Алардын баардыгы эсептелип чыгат жана көп же аз чыкты деген талаш-тартыштар жаралбайт.

- Монголдордун кулк-мүнөзү кандай?

- Мен кыргыздарга окшоштурам. Өзгөчө меймандостугу, кичипейилдиги бирдей. Көчмөн болгон үчүн улуттук тамагы этке байланыштуу. Тилинде да айрым сөздөрү биздикине окшош. Мисалы, унаа, топчу, бетаарчы, мөндүр, аңчы деген сыяктуу сөздөрү бар.

-Рахмат, ишиңизге ийгилик!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG