Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Адвокат: Бабановго Кыргызстанда диагноз кое албай жатышат


Амантур Абдырахманов
Амантур Абдырахманов

Камактан бошотулган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго Кыргызстанда диагноз кое албай жатышат. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Амантур Абдырахманов "Азаттыкка" билдирди.

Ал Бабанов жакынкы күндөрү чет өлкөгө диагноз койдуруу үчүн кетерин айтты. Анын жыйынтыгынан кийин саясатчынын кайда дарыланары чечилерин кошумчалады.

“Чет өлкөгө кете элек, бирок дарыланып келиш үчүн даярданып жатат. Азыр бул жактан диагнозду кое албай жатышат, ошондуктан чет өлкөгө чыгып диагноз койдурганы жатат".

"Кумтөр иши" боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 27-июлда камактан бошотулган.

Атайын кызмат Бабановдун ден соолугу начарлап кеткенин жана чет өлкөдө медициналык мекемелерде дарылоону талап кылган оорулары бар экенин көрсөткөн медициналык документтер алынганын билдирген.

Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы ден соолугунун начарлашына байланыштуу өзгөрүп, чет өлкөдөн дарыланып келүүгө уруксат берилген.

УКМК Бабанов шектүү деп эсептелген "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө иштери улантылып, бардык кылмышкерлерди аныктоого жана жоопко тартууга багытталган чаралар көрүлүп жатканын билдирүүдө.

Бабановду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 31-майда "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга айыптап кармаган. Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө Бабановдун күнөөсүн далилдеген айныгыс фактылар табылганын билдирген.

Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин абсурд деп келет.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) "Кумтөр ишинин" алкагында мурдагы жана азыркы бир топ аткаминерге кылмыш ишин козгогон. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG