Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:56

УКМК: Бабанов чет өлкөдөн дарылануу үчүн камактан бошотулду


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

"Кумтөр иши" боюнча камалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов камактан бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасы ден-соолугунун начарлашына байланыштуу өзгөргөн. Ал чет өлкөдө дарыланат.

УКМК Бабанов шектүү деп эсептелген "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө иштери улантылып, бардык кылмышкерлерди аныктоого жана жоопко тартууга багытталган чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

Өмүрбек Бабановду Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 31-майда "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга айыптап камакка алган. Атайын кызмат тергөөнүн жүрүшүндө Бабановдун күнөөсүн далилдеген айныгыс фактылар табылганын билдирген.

Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин абсурд деп келет.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Кумтөр иши" деген аталыш алган кылмыш ишинин алкагында бир топ мурдагы жана азыркы чиновниктерге кылмыш ишин козгогон. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG