Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Бишкек соту Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөгө жол ача турган чечим чыгарды


Азимжан Аскаров. 2011-жыл.
Азимжан Аскаров. 2011-жыл.

Абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча кылмыш ишин токтотууга каршы чыккан адвокаттардын арызын Бишкектин Свердлов райондук сотунда кайра кароого жол ачылды. Бул тууралуу 27-июлда “Азаттык” радиосуна “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун координатору Аида Байжуманова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн шаардык сот райондук соттун адвокаттардын даттануусу боюнча териштирүүнү токтоткон чечимин жокко чыгарды:

“Демек, эми иш Свердлов райондук сотунда кайра каралат. Биз шаардык сот кабыл алган чечимди толук колдойбуз. “Бир Дүйнө Кыргызстан” жана адвокаттар Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча иликтөө сапаттуу жана толук жүргүзүлүшү үчүн күрөштү уланта беришмекчи”.

2010-жылдын июнь окуялары үчүн айыпталган Аскаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Жаза аткаруу кызматы ал пневмониядан каза болгонун билдирген.

Укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталган. Бирок кийин Жаза аткаруу кызматынын тергөөчүсү ал ишти токтотуп койгон.

“Бир дүйнө Кыргызстан” жана адвокаттар Айдар Сыдыков менен Бакытбек Автандил уулу тергөөчүнүн бул чечими мыйзамсыз экенин айтып Свердлов райондук сотуна кайрылышкан. Райсот быйыл 1-июнда адвокаттардын арыздануу мөөнөтү өтүп кеткенин айтып, териштирүүнү токтоткон. Бүгүн 27-июлда шаардык сот бул чечимди негизсиз деп тапты.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сындаган. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген. Тергөө органдары Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Ал эми укук коргоочу өзү көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG