Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

“Токтогул” ГЭСин жаңылоо үчүн өкмөт жети айдан бери күтүп жаткан жабдык Кыргызстанга келди


Гидроагрегатты айланта турган дөңгөлөктүн салмагы 76 тонна.
Гидроагрегатты айланта турган дөңгөлөктүн салмагы 76 тонна.

“Токтогул” гидроэлектростанциясын жаңылоого зарыл болгон, өкмөт жети айдан бери күтүп жаткан жабдык Кыргызстанга ташылып келди. Бул тууралуу 27-июлда “Азаттык” радиосуна «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Айдаралиеванын айтымында, гидроагрегатты айланта турган дөңгөлөк Кыргызстандын буюртмасы менен Кытайда жасалды. 4700 чакырым аралыктан аны өлкөгө атайын техниканын жардамы менен алып келишти:

“Жаңы дөңгөлөк Кытайда GE Hydro атайын заводунда жасалды. Диаметри 5,5 метр, бийиктиги 2,4 метрден жогору, салмагы 76 тонна”.

“Токтогул” станциясында жалпысынан төрт гидроагрегат бар. Алардын баарын өкмөт 2025-жылга чейин алмаштырууну көздөөдө.

Кытайда жасалган жабдыктардын жарымы кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркеч-Там” бекети, экинчи жарымы Казакстан аркылуу казак-кытай чек арасындагы “Хоргостон” келери пландалган. “Хоргосто” коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдан улам кезек чоң болгондуктан Кыргызстандын жабдыгы өтө албай, көйгөй жаралып турганы, сөз ГЭСти реконструкциялоонун экинчи фазасынын биринчи агрегаты тууралуу болуп жатканы быйыл 11-майда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында айтылган.

“Токтогул” ГЭСине Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын 40% туура келет. 1975-жылы курулган ишкананын үч этаптан турган, эл аралык донорлордун жардамы менен ишке ашырылып жаткан алгачкы реконструкциясы 2017-жылы башталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG