Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Гонконг: жаңы коопсуздук мыйзамы менен алгачкы сот өкүмү чыкты


Гонгконгдогу каршылык акцияларынан бир көрүнүш. 2019-жыл.
Гонгконгдогу каршылык акцияларынан бир көрүнүш. 2019-жыл.

Гонконгдо шейшемби күнкү сот жараянында өткөн жылы Кытай бийлиги колдогон саясий оппозицияга каршы багытталган улуттук коопсуздук тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, биринчи жолу айыптоо өкүмү чыкты.

24 жаштагы Тон Юнкит террорчулукка жана Гонгконгду Кытайдан бөлүүгө шыкакчы катары айыптуу деп табылды. Аны адатта Гонгконгдо кабыл алынган тартип боюнча сот арачылары эмес, Бээжиндин көзөмөлү астында дайындалган үч судья соттоду. Сот өкүмү кийин жарыяланат.

Гонконгдун бул тургунун мотоцикл менен үч полиция кызматкерине сүзүп кеткен деп айыпташкан. Бул аракетти алар "террорчулук" деп карашты. Ал эми Тон Юнкит былтыр каршылык акциясында "Гонгконго эркиндик" деген жазууну көтөрүп чыкканын сот Гонгконгду Кытайдан бөлүүгө чакырык катары кабыл алды.

Соттолуучу өзүн айыптуу эмес экенин айтып, коюлган дооматтарды четке какты.

Гонгконгдо каршылык акциялары 2019-жылы күчөдү. Анын катышуучулары шаардын автономиясын чектеген Бээжиндин аракеттерине каршы чыгышкан.

Кытай бийлиги 2020-жылы Гонгконгду Кытайдан бөлүүгө багытталган аракеттерге каршы деген негизде мамлекеттик коопсуздук тууралуу өзгөчө мыйзам кабыл алган. Бээжин буга чейин Гонгконгдун автономиялык укугун чектеген бир катар чараларды көргөн.

АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү бул чаралар Гонгконгду Британиядан Кытайга өткөрүп берүү келишиминдеги анын милдеттемелерине каршы келерин айыптап чыккан.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG