Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Президент Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Масадыковду кабыл алды


Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды.
Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана анын орун басарлары катышкан.

Мамлекет башчысы Таалатбек Масадыковдун мындай жооптуу кызматка дайындалышы анын тышкы саясат, аймактык коопсуздук маселелериндеги компетенттүүлүгүнө негизделгендигин жана Коопсуздук кеңешинин ролун бекемдөө менен бул органдын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү максатында жасалып жаткандыгын белгиледи, - деп айтылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Таалатбек Масадыков ишеним үчүн ыраазычылыгын билдирип, Борбордук Азия регионундагы кырдаалды эске алганда, өлкөнүн улуттук коопсуздук маселелери өтө актуалдуу экенин, болгон билими менен тажрыйбасын колдонууга даяр экенин белгилеген.

Масадыков жаңы түзүлгөн Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына 12-июлда дайындалган.

Коопсуздук кеңеши өлкө башчынын коргонуу саясаты жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Ага президент төрагалык кылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG