Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

АКШнын эскертүүсү: Испания, Португалия, Кипр жана Кыргызстанга саякаттоого болбойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жана ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору (CDC) жарандарына дүйнөдө COVID-19 илдети кескин жайылып жаткан жагдайга байланыштуу, бир катар өлкөлөргө, анын ичинде Испанияга, Португалияга, Кипрге жана Кыргызстанга саякаттап барбай турууну эскертти.

АКШнын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору тизмедеги аталган төрт өлкө төртүнчү тобокелчилик тобундагы “кызыл зонада” экенин белгилеп, жарандарды мындай учурда аталган өлкөлөргө баруудан баш тартып, карманып турууга чакырды.

Ошондой эле борбор COVID-19 илдети кескин жайылып жаткан өлкөлөргө Арменияны дагы кошуп, бул өлкө үчүнчү тобокелчилик тобундагы өлкө экенин, ошондуктан эмделе электер ал жакка баруудан этият болушу керектигин эскертти.

АКШнын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору (CDC) июнь айында 110 өлкөгө сапарга чыгууга болорун айтып, сунуштамасын жарыялаган.

Бирок соңку мезгилде короанвирус илдетинин дельта-вариантынын жайылышы күчөгөндө бул борбор кайра жаңыдан эскертүү менен чыкты.

XS
SM
MD
LG