Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Чүй: Ок тийген эки киши ооруканага түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Панфилов районундагы көчөдөгү ок атуунун чоо-жайы иликтенип жатат. Бул тууралуу 27-июлда облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупованын айтымында, окуя 24-июлда Орто-Кайырма айылында болгон, чыр бейтааныш адамдардын пикир келишпестигинен улам тутанган :

"Ок тийген 30 жана 24 жаштагы эки киши райондук ооруканага түшкөн. Аларга ок аткан киши 41 жаштагы жергиликтүү турган экени аныкталды. Тинтүү учурунда анын жанынан травматикалык тапанча, гильза жана желим ок табылды.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (“ээнбаштык”) менен катталып, кылмышка шектүү адам милицияга жеткирилди.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2021-жылдын алгачкы төрт айында 17,5 миң кылмыш катталды. Бул бир жыл мурдагы төрт айлык көрсөткүчтөн 31% көп. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG