Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

ЖМК: учакты Минскиге кондурган авиадиспетчер Беларустан чыгып кетти


Ryanair авиакомпаниясынын Минск аба майданына кондурулган учагы. 23-май, 2021-жыл.
Ryanair авиакомпаниясынын Минск аба майданына кондурулган учагы. 23-май, 2021-жыл.

Грекиядан Литвага учуп бараткан ирландиялык Ryanair авиакомпаниясына таандык учакты 23-майда Минскиге чукул кондурган авиадиспетчер Олег Галегов үй-бүлөсү менен Беларустан жашыруун чыгып кеткени кабарланды. Бул тууралуу жергиликтүү жана эл аралык басылмалар жазып чыгышты.

Олег Галегов иштеген "Белаэронавигация" мекемеси журналисттерге ал июнь айында эле эмгек өргүүсүн алып, ошол бойдон жумушка чыкпай, дайынсыз экенин ырастады. Ошол эле кезде мекеме авиадиспертчердин кызматын тапшырганын ырастаган эмес.

23-майда беларус бийлиги Грекиядан Вильнюска бараткан учакта «бомба бар» деген жалган шылтоо менен Минск шаарына кондуруп, борттогу беларус блогери Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызын кармаган.

Лукашенконун буйругу менен "МиГ-29" аскердик учагы абага көтөрүлүп, Беларустан Литвага өтүп калган жүргүнчүлөр учагын артка кайтарып, конууга мажбурлаганы кийин маалым болгон.

Андан соң кармалган Роман Протасевич күнөөсүн моюнга алып, көрсөтмө бергени кабарланган. Ошондон соң сүйлөшкөн кызы экөө 25-июнда тергөө абагынан бошотулуп, үй камагына чыгарылган.

Беларуста былтыр өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын оппозиция жана Европа мамлекеттери тааныган эмес. Шайлоодон кийин жарандык активисттер, оппозиция өкүлдөрү нааразылык акцияларына чыгышкан. Алардын айрымдары кармалып, камакка алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG