Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

"Биздин Кыргызстан" партиясы Жогорку сотко кайрылат


Медер Абдыманапов.
Медер Абдыманапов.

«Биздин Кыргызстан» партиясынын Ош шаарындагы лидери Медер Абдыманапов алардын партиясын шайлоодон четтеткен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин саясий чечим деп сыпаттады. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» берген маегинде айтты.

Абдыманаповдун билдиришинче, алардын партияга коюлган дооматтардын бири да расмий аныкталып, юридикалык баа бериле элек болчу. Андыктан алар Боршайкомдун чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрылат.

«Мыйзамдуу түрдө Жогорку сотко кайрылууга документтерди даярдап жатабыз. Биз өз укуктарыбызды коргоп, соттон утабыз деп ишенем. Себеби бир дагы расмий катталган укук бузуу болгон эмес. Буга чейин биздин партиянын атына алты арыз келип түшсө, алардын бешөө далилдердин жетишсиздигинен улам кыскарып кеткен. Бирөө сотко өткөнү менен азырынча чечим чыга элек. Бирок ага карабай Борбордук шайлоо комиссиясы тизмеден чыгарып салды. Саясий өңүттөгү эле чечим болуп калды. Буга бирөө кызыкдар болуп турат», — деди партиянын өкүлү.

Бирок Абдыманапов кызыкдар тараптын аттарын атаган жок. Партиянын төрагасы Айбек Осмонов да билдирүү таратып, Борбордук шайлоо комиссиясынын аракетин «адилетсиздик» деп сыпаттады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июлдагы отурумунда Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышкан "Биздин Кыргызстан" саясий партиясына берилген добуштарды жараксыз деп таап, партияны тизмеден чыгарды.

Арыздарды караган жумушчу топ партияны тизмеден чыгарууга талапкерлердин добуш сатып алууга аралашканы себеп болгонун билдирди. Мындан сырткары жумушчу топ Ош шаардык кеңешине болгон шайлоону "Биздин Кыргызстан" партиясынын тизмеден чыкканын эске алуу менен өттү деп тааныды.

Буга чейин Аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүүгө жөнөткөн.

Ага ылайык, мандаттар төмөндөгүчө бөлүштүрүлмөк: “Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек, Ош, Токмок шаарларында мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып 11-июлда кайра шайлоо өттү. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG