Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Министрлик: Эмдөөдөн кийинки өлүм боюнча экспертиза аяктай элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы вакцина алгандан кийин каза болгону айтылган аял боюнча соттук-медициналык экспертиза аяктай элек, анын жыйынтыгы бир ай ичинде белгилүү болот. Бул тууралуу 27-июлда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме билдиргендей, так маалымат ошондо гана берилет.

26-июлда аялдын өлүмүнө ал эмдөөдөн өткөн учурда коронавирус менен ооруп жатканы себеп болгону тууралуу маалымат тараган, бирок расмий тастыкталган эмес.

46 жаштагы апасы Назгүл Исакова Sputnik V вакцинасын алган күнү денеси ысып каза болгонун 22-июлда маркумдун кызы билдирген. Окуяга байланыштуу комиссия түзүлгөн.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова комиссия бүт хронологияны карап чыгарын, ал кайсы жерге кайрылганын, кайда барганын, өнөкөт оорулары болуп-болбогонун изилдей турганын билдирген.

Башкы фармаколог Аида Зурдинова дары-дармектей эле вакцинанын да кыйыр таасири болушу мүмкүн экенин айтып, бирок "өлүмгө вакцина алып келди" деп азыртадан айтуу туура эместигин белгилеген.

Учурда республиканын бардык аймактарында Sputnik V, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар. Эмделгендердин жалпы саны 500 миңге чукулдады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG