Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Байден: Ирактагы АКШ аскерлеринин ролу өзгөрөт


Вашингтон. АКШ президенти Жо Байден Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казыми менен. 26-июль, 2021-жыл.
Вашингтон. АКШ президенти Жо Байден Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казыми менен. 26-июль, 2021-жыл.

АКШ президенти Жо Байден Иракта 2021-жылдын аягына чейин америкалык аскердик миссия бүтө турганын жарыялады. Бул тууралуу Байден Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казыми Вашингтонго сапар менен барган учурда билдирди.

Байден «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөштө Ирак бийлиги менен кызматташуу чөлкөмдөгү туруктуулукту сактоо үчүн өтө маанилүү болгонун айтты.

Ал Ирак премьерин бул кызматташтык эми жаңы шарттарда уланат деп ишендирди. Анда Ирактагы америкалык күчтөр эми аскер кеңешчилеринин жана аскер нускоочуларынын ролун аткара турганы айтылды.

АКШнын Ирактагы аскер контингенти 2020-жылдын аягында болжол менен 2500 кишиге барабар болгон.

Байден күжүрмөн миссия аяктаган соң, Иракта кала турган америкалык аскерлердин так санын азырынча айткан жок. Анткен менен Батыш агенттиктери аскерий эксперттердин "контингент анчейин деле кыскарбайт" деген пикирлерин келтиришүүдө.

Ирактагы АКШ аскерлеринин ролун өзгөртүү демилгеси Вашингтондун америкалык аскерлерди Ооганстандан быйыл 11-сентябрга чейин чыгаруу чечиминен кийин жарыяланган.

АКШнын президенти Жакынкы Чыгышта террорчулук менен күрөш улантыларын, ошол эле учурда, Кытайдын аракеттерине көбүрөөк көңүл бурууну убада кылган.

Вашингтон Кытайдын аракеттерин АКШнын коопсуздугуна карата узак мөөнөттөгү чакырык деп эсептейт.

Ошондой эле Мустафа аль- Казыми менен сүйлөшүүдө Байден АКШ жакында Иракка коронавируска каршы вакцина жөнөтөрүн убада кылды.

Дагы караңыз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG