Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:43

Ысык-Көлдө Эгизбаевдин элесине арналган футбол турнири өтүп жатат


Улан Эгизбаевдин элесине арналган футбол турнири.
Улан Эгизбаевдин элесине арналган футбол турнири.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Челпек айылында Улан Эгизбаевдин элесине арналган футбол турнири өтүп жатат.

Турнирди Челпек айыл аймагынын депутаты, Улан Эгизбаевдин тайежеси Бактыгүл Сариева уюштурган.

“Улан Эгизбаев кыргыз элине аты таанылган, чындык үчүн күрөшкөн, коом ичиндеги адилетсиз жасалып жаткан иштерди ачык айтып чыккан, тайманбас журналист эле. Өлкөнүн келечеги үчүн жан дили менен күрөшкөн жигит болгон. Биздин айыл аймактын эли дагы бул күнгө чейин чыгаан журналисттин эмгегин баалап, айтып келишет. Биздин жаштарыбыз дагы чындык үчүн жан үрөгөн, Уландай тайманбас болсун, мекенчил болсун деп турнирди уюштурдук, баары жапа тырмак колдоп кетишти. Уландын мага айткан таасирлүү сөздөрүнүн аркасында мен да айылдык кеңешке депутат болдум. Турнир өткөрүү демилгесин үй-бүлөм да колдоп берди”,-деди Бактыгүл Сариева.

Турнирге Улан Эгизбаевдин апасы Жыпаркүл Сариева, айыл аймак башчысы, Ак-Суу районунун акиминин орун басары, айыл эли жана жаштары катышып жатат.

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган.

Журналист 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө чөгүп каза болгон. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, анын сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Эгизбаев көзү өткөндөн кийин да бир катар жергиликтүү жана эл аралык сыйлыктарга татыган. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG