Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Өзгөндөгү мушташта Кадыралиевдердин аты аталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөндүн тургундары райондогу таанымал үй-бүлө Кадыралиевдерден кордук көргөнүн айтып, президентке кайрылды. Улан Кадыралиевдин уулу аралашкан окуяда ур-тепкиге алынган эки адам оор абалда ооруканада жатат.

Окуяга түз аралашкан Кадыралиевдин жакындарынын пикирин угууга мүмкүн болгон жок. Алардын тууганы, экс депутат Ыргал Кадыралиева окуяда эки тарап тең бирдей жабыркаганын айтты.

Окуянын чоо-жайы

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кочкор-Ата айылынын тургуну, учурда ооруканада жаткан Ильгиз Базарбай уулунун айтымында, 17-июль таңкы саат ондор чамасында Жылышма жайлоосуна жездеси менен чөп жыйнаганы чыккан.

Коңшу айылда турган Алтынбек Кармышаков аты менен Ильгиз Базарбай уулунун арпасын аралап тебелетип өткөн. Мына ошол учурда эки тарап кайым айтыша кетип, Алтынбек Кармышаков Илгиз Базарбай уулун камчы менен чаап жиберген. Анда эки тарапты арачалап калышкан.

Алтынбек Кармышаков мурдагы прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевдин жана экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Улан Кадыралиевдин баласы.

Чыр андан кийин 17-июлдун кечинде кайра уланат. Алтынбек Кармышаков өзү менен кошо бир нече баланы ээрчитип келип, Ильгиз Базарбай уулун, анын бир тууган агасы Чыңгыз Батыровду жана алардын жездесин сабап кетишкен деп айтылууда.

Ильгиз Базарбай уулу
Ильгиз Базарбай уулу

“Кечке маал эле, чатырдан чыккан учурда бирөөсү жакын эле жайда балта кармап турган. Атып урдубу же коюп жибердиби билбейм. Менин көзүм караңгылашып кетти. Ошол учурда аркаман урдубу же жаныман келдиби, эсими жоготуп койдум. Жанымдагылардын айтымында, мен жыгылганда эле агам мага карап чуркаптыр, анан алар акеми да урушуптур. Биз аларга бир муш кайтара албадык. Кудай алдында айта алам алардын чекесине да чертпедик”,-деди Ильгиз Базарбай уулу.

Ал окуядан жездеси жеңил жарат алып, ал эми Чыңгыз Батыров менен Ильгиз Базарбай уулу 18-июль күнү Ош облустук ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Чыңгыз Батыров өзүнө келип жакындарын тааныганы менен сүйлөй албай жатыптыр. Ал эми Ильгиз Базарбай уулу 23-июлда бейтапкананын бет жаак хирургия бөлүмүнө которулду.

Башы жарылып, бети айрылган Ильгиз Базарбай уулунун абалы тууралуу оорукананын Бет жаак хирургия бөлүмүнүн башкы дарыгери Абдырахман Эшиев буларды айты.

Абдырахман Эшиев
Абдырахман Эшиев

“Биз кече күнү операция кылдык. Ильгиз Базарбай уулунун чыкый сөөгү сынган. Ошону ордуна коюп мини пластика деп коёт, имплант менен катырып койдук. Азыркы абалы канааттандырарлык”.

23-июлда жабырлануучу тарап иликтөө ишин тездетүү талабы менен Өзгөн райондук акимчилигине жана райондук ички иштер бөлүмүнүн алдында тынчтык митингин өткөрүшкөн.

Ооруканада жаткан Ильгиз Базарбай уулу менен Чыңгыз Батыровдун апасы Гүлсүнай Молдобаева 26-июлда журналисттерге маалымат жыйынын берип, президентке кайрылды.

Гүлсүнай Молдобаева
Гүлсүнай Молдобаева

“Айдай балам айып болуп сүйлөбөй калды. Чоң уулумдун да кичине уулумдун да төрт баласы бар. Бул төрт баланын тагдыры эмне болот? Ким багат? Уулум келиниме бешинчи бала болуп калды. Азыр паралич, колу иштебейт. Жада калса өзүнүн кыздарынын да атын билбейт. Сиздерден суранаарым ушуларга чара көрүп бериңиздер. Өмүр бою камака алып беришиңиздерди суранамын”.

Кадыралиевдердин жообу

Азыркы учурда мушташка аралашкан эки тарап тең ооруканада дарыланууда. Кадыралиевдин инилеринен маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми тууганы, экс депутат Ыргал Кадыралиева окуяга байланыштуу комментарий берип, эки тарап тең бирдей жабыркаганына токтолду.

Ыргал Кадыралиева
Ыргал Кадыралиева

“Таяк жегени да сабаган тарап деле бирдей жабыркаптыр. Эки тарап тең бирдей жазасын алышы керек деген ойдомун. Милиция буга баа бериши керек. Ал эми тергөө учурунда митинге чыгып, маалымат жыйын берип, акимчиликтин кызматкерлери менен милицияларды жакалаганы - тергөөгө болгон басым деп баалайм. Ошондуктан эки тарап тең тергөөгө басым жасабашы керек”.

Ыргал Кадыралиева жабырлануучу тарап аталаш тууган экенин кошумчалады. 22-июлда Ильгиз Базарбай уулу менен Чыңгыз Батыровко карата дайындалган соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Анда экөөнүн тең алган жарааты оор деп бааланып, Кадыралиевдин жакындары делген үч адамга карата кылмыш иши козголду.

Нурпери Абдуллаева.
Нурпери Абдуллаева.

“23-июль күнү С.Ж жана К.А аттуу жарандарга шектенүү кабарлама берилип, бөгөт кою чарасы Өзгөн райондук соту тарабынан камака алуу чечими чыккан”,-деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаева.

Шектүүлөр камала элек

Бирок шектүүлөр азыркы учурда Өзгөн райондук ооруканасында милициянын кайтаруусу менен дарыланууда. Алар 19 жана 21 жаштагы Куршаб айылынын тургундары. Дагы бири 16 жашта болгондуктан үй камагына алынган.

Ошол эле учурда Кадыралиевдер тарабынан да Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазылып, Ильгиз Базарбай уулу менен Чыңгыз Батыровго карата "ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Өзгөн райондук ооруканасында жаткан 3 жаранга да соттук медициналык экспертиза дайындалган. Анын корутундусуна ылайык Ильгиз Базарбай уулу менен Чыңгыз Батыровко карата козголгон кылмыш иштери өзгөртүлүшү ыктымал.

Кадыралиевдерди коомчулука тааныткан окуя

Кадыралиевдердин буга чейин да айылдаштары менен болгон чыры катталган окуялар болгон.

Маселен, коомчулукта Канжар Кадыралиев айылдашы ошол кездеги ишкер, кийин Жогорку Кеңештин депутаты болгон Сактан Келдибаевдердин үй-бүлөсү менен болгон жаңжал белгилүү.

Келдибаевдин атасы "2014-жылдын 30-августунда түндө алардын үйүнө беткапчан куралдуу төрт адам кирип келип, 10 миң доллар жана эки уюлдук телефонун тартып алганын" айтып, арыз жазган. Ал беткапчандарды “Канжар Кадыралиевдин кылмыштуу тобу” катары сыпаттаган.

Башкы прокуратура 2014-жылы Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык", "опузалоо" жана "өзүм билемдик" беренелери менен ишин козгогон. Кылмыш иши козголгондон кийин Кадыралиев качып кетип, беш айдан кийин камакка алынган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен 2015-жылы үй камагына чыгарылган.

Октябрь райондук соту 2019-жылы Кадыралиевдин ишин "мөөнөтү өтүп кетти" деп кыскарткан. Ага чейин айыптоочулар аны 15 жылга камакка алууну өтүнгөн эле.​

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG