Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Жалал-Абад, Баткендеги селден 553 үй жабыр тартты


Жалал-Абаддын Сузак районундагы сел.
Жалал-Абаддын Сузак районундагы сел.

19-20-июль күндөрү Жалал-Абад, Баткен облустарында жүргөн селдин чыгымдарын эсептеп жаткан атайын комиссия ишин жыйынтыктай элек. Жалпы чыгымдын суммасы такталууда. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Жалал-Абад облусунда 446 турак жайга сел кирип, анын элүү сегизи жашоого жараксыз деп табылган.

Баткен облусунда 107 үйдү сел каптап, 39 үй-бүлөгө убактылуу жашап туруу үчүн чатырлар берилди.

Өткөн жумадагы селде алты жаштагы кыз жана он алты жаштагы өспүрүм каза болгон. Селдин кесепетинен Жалал-Абад, Баткен облус аймактарында бир топ социалдык обьектилер, таза суу куурлары, жол, көпүрөлөр жараксыз болгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өткөн жумада сел жүргөн аймактарды кыдырып, сел кесепеттерин четтетүү жана чыгымдар үчүн мамлекеттен коолдоолор болоорун айткан. Кооптуу аймактарда жашап жаткандарды көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликке тапшырмаларды да койгон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG