Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Боршайком Токмок АШКсын таратты


Токмок. 11-июль
Токмок. 11-июль

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июлдагы жыйынында Токмок аймактык шайлоо комиссиясын таратуу чечимин кабыл алды. Буга Токмок АШКсынын системдүү мыйзамсыз чечимдери негиз болгон. Бул тууралуу боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов билдирди.

Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 11-апрелде өткөн шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин кайра түзүлгөн. 11-июлда өткөн кайра шайлоодо босого чектен беш партия өткөн.

Токмок АШКсы 18-июлда "Эмгек" жана "Асыл Мурас-Жаштар" партияларынын арызынын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыгын кайра санап чыгуу чечимин кабыл алган. Бул чечимге каршы босого чектен өткөн "Бирге-Вместе", "Патриот Ынтымагы", "Эл Биримдиги" партиялары арызданып, боршайком Токмок АШКсынын добуштарды кайра саноо чечимин жокко чыгарган.

Токмок АШКсы 22-июлда добуш сатып алууга байланыштуу арыздардан улам деп "Эл Биримдиги" партиясын шайлоодон четтеткен. БШК 26-июлдагы жыйынында Токмок АШКсынын бул чечимин дагы жокко чыгарды.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо өткөн. Баштапкы жыйынтыктар боюнча, ал күнү Токмокто 16 973 шайлоочу добуш берген. Бул жалпы шайлоочулардын 44,55% түзөт. Берилген добуштардын 16 796сы жарактуу деп табылган.

Баштапкы жыйынтыкка караганда, шайлоого катышкан партиялардын ичинен:

"Бирге-Вместе" партиясы добуштардын 28,27%, "Эмгек" — 24,82%, "Асыл Мурас-Жаштар" — 16,66%, "Патриот Ынтымагы"— 13,69%, ал эми "Эл Биримдиги" партиясы 12,13% алган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG