Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Мэрия: Бишкекке быйыл 500 автобус сатылып алынат


Бишкек.
Бишкек.

Быйыл Бишкек шаарына 500дөн ашуун автобус сатылып алынганы жатат. Бул тууралуу 27-июлда мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын «СамАвто» заводунда жасалган 200 жаңы автобус 31-августта, Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата жолго чыгат.

Мындан тышкары, Кудайбергенов билдиргендей, жыл аягына чейин 300-350дөй чоң автобус сатып алууга мүмкүнчүлүк бере турган келишим Жогорку Кеңеште талкууланууда:

“Эгер бизди колдоп беришсе Европанын өнүктүрүү жана реконструкция банкы 12 жылга 33 миллион евро бөлөт. Анын 8 миллиону грант түрүндө берилет. 10-12 метрлик комфортабелдүү чоң автобустарды сатып алалы деп жатабыз”.

Калаа башчынын пикиринде, бул автобустар пайдаланууга берилсе Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө маршруттук кичи автобустар азаят.

Бишкекте жүргүнчүлөрдү негизинен жеке ишканаларга таандык кичи автобустар ташыйт. Жол киреси 8 сомдук муниципалдык автобус жана троллейбус аз. Быйыл жазында маршруттук кичи автобус айдоочулары жол кирени азыркы 10 сомдон 15 сомго жогорулатуу талабы менен бир жумадай иш ташташкан. Мэрия бул маселени шаардык кеңеш чечерин айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG