Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Орусияда Навальныйдын сайты бөгөттөлдү


Орусиянын бийлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун (ФБК) сайтына жана ага байланыштуу интернет ресурстарынын бардыгына чектөө койду.

Бул тууралуу саясатчынын шериктеши Леонид Волков билдирип, жалпысынан 49 сайт бөгөттөлгөнүн айтты.

26-июлдан тарта navalny.com сайтына кирүүгө аракет жасаган учурда байланыш операторлору “Маалыматты коргоо мыйзамына” ылайык ага кирүү жеткиликтүү эмес экенин эскертти.

Сайт Орусияда тыюу салынган интернет ресурстардын тизмесине киргизилип, аталган тизме "Роскомсвобода" мекемесинин сайтына жайгаштырылды.

Навальныйдын тарапташтарынын Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володинге байланыштуу соңку иликтөөсү азырынча YouTube каналынан алына элек. Анда Володиндин туугандарына катталган миллиарддаган активдер тууралуу айтылат.

Буга чейин Алексей Навальный жана анын тарапташтары президент Путиндин жакын адамдары саналган миллиардер Олег Дерипаска жана вице-премьер-министр Сергей Приходьконун баш айланткан мүлкү жана аларды каяктан тапканы тууралуу чуулгандуу иликтөөлөрдү жарыялап, коомчулукта катуу талкууга алынган.

Дүрбөлөң салып, орус бийлигинин кыжырын келтирген бул тасма үчүн Роскомнадзор мекемеси Навальныйдын сайтына бөгөт коюп, бирок кийин видео тасмалар сайттан алынганда, сайт бөгөттөн чыгарылган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG