Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:59

Токио-2020: Олимпиада маалында 16 кишиден  коронавирус чыкты


Жапония. Токиодогу Олимп оюндарынын жүрүшү.
Жапония. Токиодогу Олимп оюндарынын жүрүшү.

Июль айынын башынан бери мелдештерге тиешеси бар кишилердин ичинен 150 адамдын коронавируска карата тапшырган ПЧР тести оң жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу 26-июлда Олимп оюндарынын уюштуруучулары билдирди.

Ошондой эле, акыркы суткада 16 адамдан коронавирустун жаңы учуру аныкталды.

Буга чейин мелдештердин 19 катышуучусунан коронавирус чыккан. Алардын көпчүлүгү Олимпиада айылына жайгашкан болчу. Кийин алар карантиндик чектөөлөрү бар мейманканаларга которулган

Эки жума мурун Токиодо коронавирустун жаңы толкуну чыккандыктан уюштуруучулар көрүүчүлөрдүн катышуусуна толук тыюу салган. Көпчүлүк чет элдик көрүүчүлөр Олимп оюндарынын ачылыш аземине жана андан аркы мелдештерди көрүү үчүн стадиондорго киргизилбей турганы жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG