Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

COVID-19: илдет эмделбегендер арасында өсүп жатат


Боснияда коронавируска чалдыккандарды дарылаган оорукана. 19-март, 2021-жыл.
Боснияда коронавируска чалдыккандарды дарылаган оорукана. 19-март, 2021-жыл.

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны соңку жумаларда күч алды. Адистердин айтымында, инфекция негизинен вакцина албагандардын арасында жайылып жатат. Мындан улам бир катар мамлекеттердин бийлиги эмделбегендерге каршы чектөөлөрдү киргизүүнү караштырууда.

Францияда медиктер сөзсүз вакцина алышы шарт

Франциянын парламенти 26-июлда медицина кызматкерлерин коронавируска каршы вакцина алууга милдеттендирген мыйзамды жактырды. Ошондой эле, жаңы мыйзамга ылайык, жарандардан медициналык паспортту талап кылган мекеме-жайлардын тизмеси кеңейтилди. Ишембиде Франциянын бир катар шаарларында бул документке каршы нааразылык акциялары өткөн. Париждеги митингге чыккандардын бири, 25 жаштагы инженер Аюб Булья жарандарды шаштырып жатышат деген пикирде:

"Менимче дагы убакыт керек, француздар өзүлөрү чечим кабыл алышы зарыл. Бизди шаштырып жатышат. Анткени вакцинанын чыкканына алты ай гана болду. Француздарды коркутуп жатышат. Франциянын жарымы каршы, шантаж, коркутуп-үркүтүүлөр ишке ашпайт деген ойдомун".

Парижде вакцинацияга каршы чыккандар. 17-июль, 2021-жыл.
Парижде вакцинацияга каршы чыккандар. 17-июль, 2021-жыл.

Анткен менен президент Эммануэл Макрондун администрациясы "коронавирусту вакцинация аркылуу гана жеңсе болот, бул чаралар калктын аярлуу тобун сактоо үчүн керек" деген позицияны карманат. Жаңы мыйзамга ылайык, саламаттык сактоо тармагында иштегендер 15-сентябрга чейин вакцина алышы шарт. Ал эми медициналык паспорт тууралуу өзгөртүүлөрдү конституциялык сот жактырса, август айында күчүнө кирет.

Медициналык паспортто жарандын эмделгени, коронавирус менен ооруганы, тапшырган анализдеринин жыйынтыгы камтылат. Буга чейин бул документ музей, кинотеатр, бассейн жана башка коомдук жайларга кирүүдө талап кылынып келсе, эми тамактануучу жайларга ансыз киргизбейт. Ошондой эле, шаар аралык авто жана аба каттамдарында талап кылынат.

Европанын башка мамлекеттериндей эле Францияда коронавирустун жугуштуу деп саналган "дельта" варианты кеңири жайылып жатат. Инфекцияга кабылгандардын күнүмдүк көрсөткүчү июль айынын башында төрт миңдин тегерегинде болсо, учурда 22 миңге чейин жетүүдө. Ошондой эле, ооруканага жаткандардын саны да жогорулады.

Франциянын 67 миллион калкынын 50% жакыны толук эмделди. Айрым эксперттердин айтымында, бул коронавируска туруштук берүү үчүн жетишсиз.

Германияда эмделбегендер үчүн чектөөлөр күчөтүлүшү мүмкүн

Германияда жакынкы айларда илдетке чалдыккандар көбөйсө, бийлик эмделбегендерге чектөөлөрдү катаалдатканы турат.

Канцлер Ангела Меркелдин аппарат жетекчиси Хельге Браундун айтымында, вакцина албагандарга ресторан, кинотеатр, спорттук зал сыяктуу коомдук жайларга кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Браун Bild am Sonntag басылмасына берген маегинде мамлекет өз жарандарынын саламаттыгы үчүн жоопкер болгондуктан мындай эрежелер мыйзамдуу болоорун айткан.

Германияда калктын 49% толук эмделди, 60% ашууну вакцинанын бир дозасын алышты. Анткен менен соңку жумаларда вакцинация кыйла солгундай түштү.

АКШда вирус эмделбегендердин арасында жайылып жатат

Кошмо Штаттарда бийлик жарандарын эмдөөдөн өткөрүү үчүн баардык аракеттерди жасап жатат. Башкы эпидемиолог Энтони Фаучинин айтымында, эмделбеген жарандардын арасында коронавирус кеңири жайылып жаткандыктан кырдаал оорлошууда.

Ал ошондой эле, саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилер кайрадан беткап тагынууну, ал эми иммундук системасы алсыз адамдарга кайра вакцина алууну сунуштоо каралып жатканын кошумчалады.

"Биз колдонгон вакциналар коронавирустун "дельта" вариантына туруштук бере алат. Өзгөчө катуу оорудан жана өлүмдөн сактай аларын өзгөчө белгилегим келет. Бул жагынан 90% натыйжалуу", - деди Фаучи.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына караганда, 163 миллион адам же калктын 49% толук эмделди.

Коронавируска каршы "Спутник-V" вакцинасын алып жаткан аял. 23-июнь, 2021-жыл.
Коронавируска каршы "Спутник-V" вакцинасын алып жаткан аял. 23-июнь, 2021-жыл.

Казакстанда рекорддук көрсөткүчтөр катталууда

Казакстанда 25-июлда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 6600дөн ашты. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Ооругандардын саны боюнча баш калаа Нур-Султан, Алматы шаарлары жана Караганда облусу алдыда. Кошуна мамлекетте коронавируска каршы вакцинация февраль айында башталган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, вакцинанын биринчи дозасын 5,1 миллион адам алса, 3,2 миллион киши толук эмдөөдөн өттү.

Казакстанда калк менен байланышта болгон жумушта иштегендер "вакцинация паспортун" алышы зарыл. Ансыз ишке киргизбейт. Бирок бул документтин жасалма түрүн сатып алгандар көп.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мындай документти мыйзамсыз жасап саткандар "коомдун саламаттыгына жана коопсуздугуна" коркунуч жаратып жатканын эскертип, чара көрүүгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG