Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Тажикстан: коронавирус Рахмондун бир тууганын алды


Тажик президенти үй-бүлөсү менен умрада.
Тажик президенти үй-бүлөсү менен умрада.

Тажикстандын маалымат каражаттары президент Эмомали Рахмондун карындашы коронавирустан көз жумганын жазып чыгышты. Ал эми мамлекеттик агенттиктер 64 жаштагы Курбонби Рахмонованын өлүмүнө эмне себеп болгонун кабарлашкан жок. Борбор Азиядагы башка мамлекеттерде да абал жакшы эмес.

Тажик бийлиги соңку алты айдан бери өлкөдө коронавирус жок экенин айтып, июнь айынын этегинде гана бул илдетке чалдыккандар тууралуу жарыялай баштаган. "Азаттыктын" тажик кызматы ооруканадагы өз булактарына таянып президенттин карындашы коронавирустан каза болгонун кабарлады. Ысымы жашыруун калуусун каалаган дарыгердин айтымында, Рахмоновадан вирус аныкталып, врачтар анын өмүрүн сактап калуу үчүн он күн тынбай күрөшкөн.

Тогуз миллион калкы бар Тажикстанда расмий маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери 14 миңден ашуун адамдан гана коронавирус чыккан. Алардын 114ү көз жумган. Эксперттер бул сан алда канча көп болушу мүмкүн экенин айтып келишет.

Быйыл жыл башында президент Эмомали Рахмон алар коронавирусту жеңгенин жарыялаган.

"Биз убагында бардык чараларды көрдүк. Премьер-министр башында турган республикалык штаб түздүк".

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 21-январь, 2021-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 21-январь, 2021-жыл.

Ошондон бери социалдык тармактарда коронавирустан каза болгондор жана жуктуруп алгандар тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып жатканына карабастан, бийлик бул илдетке чалдыккандар жок экенин айтып келген. 8-июнда эле "Азия плюс" агенттиги жеке менчик лабораторияларга таянып, бир күндө 100 адамдан коронавирус чыкканын жазган.

Ошентип, быйыл 21-июнда гана Коронавируска каршы республикалык штаб өлкөдө оору бар экенин моюнга алды.

"Кайсы бир убакта коронавирус өлкөдө жоголуп кеткен, бирок чек аралар ачылып, каттамдар калыбына келгенден кийин коркунуч кайра пайда болду. Муну менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолу - эмдөө",- деди Иммунизация борборунун башкы директору Файзали Саидзода.

5-июлда президент Рахмондун кайненеси Узбекби Асадуллоева 88 жашында кайтыш болгон. Ал коронавирустун белгилери менен ооруканага түшкөн. Мамлекет башчынын кайненесинин өлүмүнүн себеби расмий айтылбаганы менен ооруканадагы жашыруун булактар ал COVID-19 жугузуп алганын жана өпкөнү жасалма дем алдырган аппаратта бир нече күн жатканын билдиришкен.

Тажикстан дүйнөдө алгачкылардан болуп 18 жаштан жогорку жарандар милдеттүү түрдө эмделиш керек деген эреже киргизген. Учурда өлкөдө Кытайдын, Орусиянын вакциналарын сайып жатышат. 21-июлда Дүйшөмбү Азербайжандан 40 миң доза "Астразенека" вакцинасын алды. Ал арада Cаламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги Тажикстанда учурда коронавирустун "дельта" штаммы аныктала элек экенин билдиргенин "Азия плюс" агенттиги жазды. Ошол эле кезде макалада "кызыл зонада" иштеген дарыгерлер оорунун белгилери өзгөргөнүн, бул "дельта" штамм болушу мүмкүн экенин боолгошкону маалымдалган.

Эпидемологиялык кырдаалга карабастан тажик бийлиги эгемендиктин отуз жылдыгын өзгөчө ири масштабда өткөрүүнү боолгоп жатат. Дүйшөмбүдөгү парадга 15 миңден көп аскер даярдык көрүп жатканы кабарланды.

Эпидемиологиялык кырдаал Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде деле анчейин эмес. Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлиги 20-июлдан тарта үлпөт тойлорунда жана башка мааракелерде чогулгандардын саны 50дөн ашпаш керек деген чектөө киргизди. Эгер иш-чара ачык асман алдында өтсө 100 кишиге чейин чакырууга уруксат берилет. Ошондой эле кошуна өлкөдө тамактануучу жайлар 8.00ден кечки 10го чейин гана иштейт.

Казакстанда соңку бир суткада коронавирус беш миңден көп кишиден аныкталып, 54 киши көз жумган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG