Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

COVID-19: чочулоо менен коштолгон Олимп оюндары


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Токиодогу жайкы Олимп оюндарынын уюштуруучулары коронавирус жуктургандар кескин көбөйсө спорттук мелдешти токтотууга туура келерин четке кагышпайт.

Токиодогу Олимп оюндары башталарга эки күн калганда коронавирус жуктурган адамдардын көбөйүшү тынчсыздануу жаратууда. Буга спорттук мелдешти уюштуруу комитетинин башчысы Тоширо Мутонун соңку билдирүүлөрү себеп болду.

Ал 20-июлдагы маалымат жыйынында эгер Олимпиадага келген спортчулар арасында вирусту жугузгандар кескин көбөйсө оюндарды токтотууга туура келерин четке каккан жок:

Тошира Муто
Тошира Муто

“Биз коронавирус боюнча абал кандай болорун билбейбиз. Эгер аны жуктургандар кескин көбөйсө, бул маселени талкуулайбыз. Биз кырдаалга жараша сүйлөшүүлөрдү өткөрүп турабыз деп чечтик. Азыркы тапта вирусту жуктургандардын динамикасы көбөйүп, же азайышы мүмкүн. Ошондуктан, абалга жараша кандай чечим кабыл аларыбызды ойлонобуз”, - деди.

Тоширо Мутонун билдирүүсү спорттук мелдешке тиешеси бар дагы тогуз кишиден COVID-19 вирусу аныкталган учурда жасалды.

Муну менен Олимпиада шаарчасындагы 71 киши коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Буга чейин мелдешке келген британ, чех жана түштүкафрикалык спортчулардын ооруп калганы айтылган эле.

23-июлда башталчу оюндарга ушул күндөрү дүйнөнүн чар-тарабынан жүздөгөн спортчулар, машыктыруучу, спорттук аткаминерлер келип жатышат. Азыркы тапта спортчулар арасында вирус тарап, кескин көбөйүп кетсе эмне болот деген чочулоо көп айтылууда.

Оюндарды өткөрүп жаткан Жапонияда коронавируска каршы эмдөөнүн деңгээли башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн.

20-июлга карата өлкөдө калктын 35 пайызга жакыны вакцинанын бир дозасын сайдырса, эки дозасын 23 пайызы алган. Анын үстүнө борбор калаа Токиодо вирусту жуктургандар көбөйүп жатат.

Пандемиянын кесепетинен бир жыл кечигип өтүп жаткан Олимпиадага көрүүчүлөрдү мелдештерге киргизбөө чечими кабыл алынган.

Дал ушундай чочулоолорго карабай Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлдөрү оптимисттик маанайда. Комитеттин президенти Томас Бах оюндар өз убагында коопсуз шартта өтөт деп убада кылды.

2032-жылдагы Олимпиада Брисбенде өтөт

Ал ортодо Эл аралык олимпиада комитети 2032-жылы Олимпиада оюндары өтчү шаарды аныктады. 21-июлда комитеттин президенти Томас Бах Токиодогу жыйында 35-Олимп оюндары Австралиядагы Брисбен шаарында өтөрүн жарыялады.

Буга чейин жайкы оюндарды өткөрүүгө Венгриянын борбору Будапешт, Катардын борбору Доха, Германиядагы Рур аймагы, Индонезия жана Кытай каалоосун билдирген эле.

Мындай жол менен Брисбен шаары Австралиядагы Олимп оюндары өтчү үчүнчү шаар болуп калды. Буга чейин Австралия 1956-жылы Мельбурнда, 2000-жылы Сиднейдеги спорттук мелдештерге кожоюндук кылган эле.

Дүйнөдө АКШ өз аймагында төрт жолу Олимпиада өткөрсө, эми Австралия үч башка шаарда уюштуруп, экинчи орунга чыкты.

Эки жыл мурун Эл аралык Олимпиада комитети мелдештер өтчү шаарды өткөрүү тартибин өзгөрткөн. Жаңы эреже боюнча, талапкер шаарлар добуш берүүнүн алдында жарнамалоо кампаниясын жүргүзбөйт. Анын ордуна комитет бардык талапкер шаардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирөөнү аныктайт жана аны добушка коет.

Быйылкы кечигип өтүп жаткан Токиодогу жайкы оюндардан кийинки Олимпиада 2024-жылы Франциянын борбору Парижде өтөт. Ал эми 2028-жылы болсо АКШнын Лос-Анжелес калаасы Олимпиаданын уюштуруучусу болмокчу.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG