Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Олимп оюндары: Кыргызстандын желегин Каныкей көтөрүп чыгат


Каныкей Кубанычбекова
Каныкей Кубанычбекова

Токиодо 23-июлда, жайкы Олимп оюндарынын расмий ачылышында Кыргызстандын желегин ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат. Кыргызстандын курама тобунун капитаны болуп балбан Атабек Азисбеков дайындалган жана Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов желекти ага тапшырган. Бирок күрөш боюнча мелдештер 1-августтан тартып башталгандыктан, кыргызстандык балбандар Жапонияга 28-июлда жол тартат.

Ушул тушта Токиодогу Олимпиада айылында Каныкей Кубанычбековадан сырткары Денис Петрашов менен Роман Петров жүрөт.

Каныкей Кубанычбекова эл аралык мелдештердеги алган упайларынын жыйынтыгында Олимп оюндарына жолдомо алган. Спортчу буга чейин Казакстан, Индия, Кувейт, Азербайжандагы эл аралык мелдештерде жогорку жыйынтык көрсөткөн.

Каныкей ок атуудан Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү. Спорттун бул түрү боюнча өлкөнүн курама командасынын мүчөсү.

Олимпиадага кыргызстандык 16 спортчу: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Нурсултан Кеңешбеков, Роман Петров, Бакдөөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова, Айаал Лазарев жана Денис Петрашов катышат.

Токиодо Олимпиада 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Мелдештер былтыр пандемиянын айынан кийинки жылга калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG