Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:05

Олимпиададан ким алтын менен кайтат?


Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын Олимпиадага жолдомо алган спортчулары.

Токиодогу Олимпиадага Борбор Азиядан 200дөн ашуун спортчу катышканы турат. Эл аралык компаниянын прогнозуна ылайык, чөлкөмдөн эң көп алтынды Өзбекстан алышы мүмкүн. Кыргызстандын эки спортчусу медал менен кайтышы ыктымал. "Азаттык" беш өлкөнүн спортчуларынын мүмкүнчүлүктөрүн талдап көрдү.

Кайсы өлкөдөн канча спортчу баратат?

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң көп спортчуну Жайкы Олимпиада оюндарына адаттагыдай эле Казакстан жөнөттү. Быйылкы оюндарда 97 казак спортчусу медал үчүн күч сынашканы турат. Ошентсе бул сан буга чейинки жайкы оюндарга салыштырмалуу азыраак экенин учурда Токиодогу Олимпиада кыштагында жүргөн казакстандык спорт журналисти, "Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчысы Руслан Меделбек билдирди.

"Бул Рио, Бээжин, Афины жана Сидней олимпиадаларына салыштырмалуу аз. Анткени Казакстан буга чейин Олимпиадага жүздөн ашык жолдомо алып турган. Деген менен 97 лицензия деле жаман эмес. Негизинен казакстандыктар спорттун бокс, күрөш дзюдо, теннис, жеңил атлетика, велоспорт түрлөрүндө күч сынашат. Казакстан алгач ирет карате боюнча спортчуларын Токиого алып келди", - деди Руслан Меделбек.

Өзбекстан спорттун 17 түрү боюнча 71 жолдомого ээ болгон. Бул беш жыл мурдагы жайкы оюндарга салыштырмалуу бир спортчуга көбүрөөк. Быйылкы Олимпиадага эң көп жолдомо алган өзбек спортчуларынын башкы сабында мушкерлер, дзюдочулар жана жеңил атлетчилер турат. Өзбек делегациясынын курамында 11 боксчу, 11 дзюдочу жана 7 жеңил атлетчи бар. Мындан тышкары грек-рим күрөшү, эркин күрөш, таэквондо жана оор атлетика боюнча төрттөн спортчу бар. Ошондой эле фехтование, сууда сүзүү, велоспорт жана көркөм гимнастика сыяктуу бир нече спорттун түрү боюнча да ондогон өзбек спортчулары Токиого аттанышты.

Кыргызстан Олимпиадага жолдомо алган спортчуларынын саны боюнча Борбор Азияда үчүнчү орунда турат. Бул ирет 16 кыргыз спортчусу Токиого аттанды. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан. 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу барган эле.

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Кыргызстандын курама командасынын капитаны Атабек Азисбековго Кыргызстандын желегин тапшырган учур, 13-июль 2021-жыл.
Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Кыргызстандын курама командасынын капитаны Атабек Азисбековго Кыргызстандын желегин тапшырган учур, 13-июль 2021-жыл.

Тажикстан беш жыл мурдагы Рио олимпиадасына 7 спортчусун жөнөтсө, быйыл Токиого 10 спортчусун даярдады. Алардын үчөө гана буга чейин олимпиадага катышкан. Он адамдын үчөө бокс, төртөө дзюдо, экөө сууда сүзүү, бирөө жеңил атлетика боюнча күч сынашат.

Түркмөнстандан быйыл 9 спортчу Олимпиадада күчүн сынаганы турат. Алардын көбү же беш спортчу оор атлетикадан, экөө суудан сүзүүдөн катышса, жеңил атлетика менен дзюдодон бирден спортчу катышат.

Кимди, кандай сыйлык күтөт?

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө чоң сыйлык берген өлкөлөрдүн башкы сабында Казакстан турат. Бул өлкөдө олимпиада чемпиону 250 миң доллар, күмүш медал тагынган спортчу 150 миң доллар, коло медалдын ээси 75 миң доллар алат. Медалга жараша машыктыруучуларга да сый акы төлөнөт.

Маселен олимпиада чемпиону 250 миң доллар алса, анын 10 пайызына тете акча спортчуну алгач тапкан тренерге, 80 пайызы спортчунун жеке машыктыруучусуна, дагы 10 пайызы улуттук кураманын башкы тренерине берилет. Мындан тышкары жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү медал ээлерине батир, автоунаа берген учурлар көп катталат.

Борбор Азиядагы экинчи чоң сый акыны Өзбекстан өз спортчуларына убада кылып жатат. Өзбек өкмөтү алтын медалга 200 миң доллар, күмүшкө 100 миң доллар, коло медалга 50 миң доллар бере турганын жарыялаган.

Казакстандык спортчулар Токиого келген учур, 17-июль 2021-жыл.
Казакстандык спортчулар Токиого келген учур, 17-июль 2021-жыл.

Кыргызстан алтын медал уткан спортчуга 10 миллион сом (118 миң доллар), күмүш алгандарга жети (82 миң доллар), ал эми коло байге алгандарга беш миллион сом (58 миң доллар) сый акы берүүнү убада кылды. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов машыктыруучуларга да сый акы берилерин өткөн аптада спортчуларды Токиого узатып жатып билдирген.

"Башкы машыктыруучуга сыйлык акы спортчунун акчалай сыйлыгынын 30 пайыз өлчөмүндө төлөнсө, улук жана жеке машыктыруучуларга спортчунун акчалай сыйлыгынын 25 пайыз өлчөмүндө төлөнөт. Ал эми биринчи машыктыруучуга спортчунун акчалай сыйлыгынын 10 пайыз өлчөмүндө төлөнөт", - деп билдирген Марипов.

Тажикстанда Олимпиадада ийгилик жараткан спортчуларга сый акы президенттин фондунан бөлүнөт. Алтын медалга 26,3 миң доллар, күмүш медалга 22 миң доллар, коло медалга 17,5 миң доллар берилет.

Түркмөнстан Олимпиада медал уткан спортчуларына кандай сый акы берилерин жарыялаган эмес.

Кимдин командасы күчтүү?

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан эл аралык "Gracenote" аналитикалык компаниясы жайкы Олимпиаданын алдында адаттагыдай өз прогнозун жарыялап, ийгилик жарата турган өлкөлөрдүн тизмесин чыгарды.

Ага ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан жалпысынан 15 медал, Өзбекстан 11, Кыргызстан 2, Түркмөнстан 1 медалга ээ болушу мүмкүн. Бул компания прогнозун спортчулардын буга чейинки мелдештеринин негизинде түзүп чыгат.

Тренер Нурбек Изабеков балбан Айсулуу Тыныбекова менен Дүйнө чемпионатында жеңишти багындыргандан кийинки мүнөттөрдө. Нур-Султан шаары, Казакстан. 20-сентябрь, 2019-жыл.
Тренер Нурбек Изабеков балбан Айсулуу Тыныбекова менен Дүйнө чемпионатында жеңишти багындыргандан кийинки мүнөттөрдө. Нур-Султан шаары, Казакстан. 20-сентябрь, 2019-жыл.

Компания "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна жолдогон прогнозго ылайык, Кыргызстандан эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова алтын, Мээрим Жуманазарова коло медал тагынышы мүмкүн. Казакстанда бир гана спортчу же мушкер Бекзат Нурдаулетов гана алтын алса, Өзбекстандын үч мушкери баш байгеге ээ болушу ыктымал.

Быйыл да өзбек командасына үмүт чоң экенин Өзбекстандын Туризм жана спорт министрлигинин өкүлү Отабек Эшмаматов бул аптада спортчуларды Токиого узатуу иш-чарасында айтты.

"Пандемияга карабастан спортчуларга бардык шарттар түзүлдү. Алар ачык асман алдында да, спорт залдарынын ичинде да машыгышты. Эмгектин акыбети кайтып, Токио олимпиадасында жүзүбүз жарык болот деп үмүт кылабыз", - деди Эшмаматов.

"Gracenote" компаниясынын виртуалдык таблицасында Түркмөнстан бир күмүш медал алууга шансы бар экени белгиленген. Медал ала турган өлкөлөрдүн катарына Тажикстан кошулган эмес. Бирок америкалык эл аралык компания бул прогноз пандемия шартында өзгөрүшү мүмкүндүгүн эскертүүдө.

Мурдагы көрсөткүчтөр кандай?

2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимп оюндарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан алдыда келген. Өзбек спортчулары 4 алтын (бокс жана оор атлетика), 2 күмүш жана 7 коло медал тагынышкан. Мындай көрсөткүч менен Өзбекстан жалпы таблицада дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен 21-орунга ээ болгон.

Казакстан медалдарынын саны көп болгонуна карабай, бир алтын медалга азыраак алганы үчүн 22-орунга чыккан. Беш жыл мурда казак спортчулары 3 алтын (бокс, сууда сүзүү жана оор атлетика), 5 күмүш жана 10 коло медал тагынышкан.

Беш жыл мурда Тажикстан биринчи жолу алтын медалга ээ болуп, 54-орунга чыккан. Анда спорттун салмоор таш ыргытуу (метание молота) түрү боюнча алтын медал алган Дилшод Назаровго 40 миң доллар жана 1-даражадагы “Шараф” орденин ыйгарылган.

Тажикстандын спортчулар Токиого жөнөп кетер алдында.
Тажикстандын спортчулар Токиого жөнөп кетер алдында.

Беш жыл мурда кыргызстандык оор атлетчи Иззат Артыков үчүнчү орунга ээ болуп, Кыргызстанга жалгыз медал алып келгендей болгон. Бирок көп өтпөй Артыков канынан кызытма болуп эсептелген стрихнин заты чыкканына байланыштуу сыйлыгынан кол жууган. Бирок кыргыз өкмөтү Иззат Артыковду мамлекеттик стипендия алган спортчулардын тизмесине киргизген.

Рио олимпиадасынан түркмөнстандык спортчулар да мекенине медалсыз кайтышкан. Соңку 30 жыл ичинде Түркмөнстандын атынан катышкан бир дагы спортчу Олимпиадада медал тагынган жок.

Борбор Азиянын беш мамлекети көз карандысыздыгын жарыялагандан бери чөлкөмдө эки өлкө гана - Кыргызстан менен Түркмөнстан - Олимпиадада алтын медалга ээ боло элек.

Карантин шартындагы олимпиада

Токиодогу жайкы оюндар COVID-19 пандемиясынан улам катаал карантиндик шартта өткөнү жатат. Жапонияда коронавирустун "Дельта" варианты жайылып жаткандыктан бийлик оюндарды стадиондордун ичине кирип көрүүгө тыюу салган. Ошондой эле оюнчулар менен журналисттерди маал-маалы менен тесттен өтүү сыяктуу талаптарды аткарууга милдеттендирген.

"Биз бир нече күн эрте келип, үч күн карантинде отурабыз. Үч күндөн кийин гана сыртка чыгып, мелдеш өтө турган объекттерге бара алам. Мелдештер башталгандан кийин журналисттер төрт күн сайын тест тапшырып турушу керек. Бардык жерде беткапчан жүрүшүбүз зарыл. Башка адамдар менен байланышты болушунча азайтышыбыз керек. Тартип катуу. Карантин кезинде 15 мүнөткө гана сыртка чыга алабыз", - деп билдирди учурда Токиодогу Олимпиада кыштагында жүргөн казакстандык спорт журналисти Руслан Меделбек.

Токио Олимпиадасынын медалдары.
Токио Олимпиадасынын медалдары.

Токиодогу оюндар былтыр жайында өтүшү керек эле. Коронавирустун айынан бир жылга кечеңдеген. Дүйнөлүк мелдештер 23-июлдан 8-августка чейин созулат. Ачылыш аземинде да көрүүчүлөр киргизилбейт. Азыртадан эле Олимпиада кыштагында анализинен коронавирус табылган спортчулар бар экени кабарланып жатат.

Олимпиадага дүйнөнүн дээрлик бардык бурчунан 11 миңдей атлет катышканы турат. "Gracenote" аналитикалык компаниясынын маалыматы боюнча, пандемия шартында өтүп жаткан Токио олимпиадасынын жыйынтыгы менен биринчи орунду АКШ, экинчини Орусия, үчүнчү орунду Кытай алышы мүмкүн. Олимпианы өткөрүп жаткан Жапония төртүнчү сапка илиниши ыктымал.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG