Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Якутия: өрттү өчүрүүгө дарыгерлерден акча чогултулган


Якутияда токойлорду өрт чалды.
Якутияда токойлорду өрт чалды.

Якутиянын Улуттук медицина борбору №1 Республикалык ооруканасынын жетекчиси Валентина Саввина токойдогу өрттү өчүрүүгө мекеменин кызматкерлеринин айлыгынан "ыктыярдуу жардам" катары акча кармап калууга буйрук чыгарганы аныкталды. Бул тууралуу «Сибирь.Реалии» медиасы кабарлады.

Анын бул буйругу социалдык тармактарга тарап кетти. Анда токойлордогу өрттү өчүрүүгө ыктыярдуу жардам көрсөтүүнү каалаган “кызматкерлердин сунушун эске алуу менен ”дарыгерлерден 500, орто жана кенже медициналык персоналдан 300, калгандарынан 150 рублден акча чогултуу тууралуу айтылган.

Буйруктун көчүрмөсү делген документти Якутиядагы саясий технолог Илья Паймушкин өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.

Якутиянын Саламаттык сактоо министрлиги менен өкмөттүн басма сөз кызматы «Сибирь.Реалии» медиасынын суроосуна жооп кайтарган эмес.

Эл аралык Greenpeace уюмунун маалыматы боюнча Орусияда токой тармагынын керектөөсү жыл сайын 100 млрд. рубль болгонуна карабастан, жылына 33 млрд. рубль гана бөлүнөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG