Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Муфтияттын кызматкерлери Ысык-Көлдө сабалган бала менен жолукту


Муфтияттын имараты.
Муфтияттын имараты.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунда спорттук машыгууда токмок жеген орус улутундагы бала жана анын атасы менен жолукту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

19-июлдагы жолугушууда муфтияттын кызматкерлери дин, улут аралык мамилени бекемдөө жөнүндө сүйлөшүп, исламда башка диндерге карата толеранттуу мамиле кылуу керектиги айтылганын түшүндүрүшкөн. Ошондой эле, алдыдагы жума намаздарда баланы толеранттуулукка тарбиялоо жөнүндө баяндар айтылары кабарланды.

Июль айынын башында Ысык-Көл облусунда дзюдо секциясынын машыгуусуна барган тогуз жаштагы бала сабалганы белгилүү болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен анын ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени аныкталган.

19-июлда Орусиянын патриархы Кирилл анын үй-бүлөсүнө кат жөнөткөн. Катта бала улуту жана туткан дини үчүн ур-токмокко алынганы жазылган. Патриарх жабыркаган балага көңүл айтып, Москванын православдык ыйык жерлерине зыярат кылып, ишенимин бекемдөөгө чакырган.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги «Твиттердеги» баракчасына баланын абалын байкоого алганын жазган.

Ур-токмокко кабылган бала Кыргызстандын жараны. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG