Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Депутат Баткенди калыбына келтирүү жай жүрүп жатканын сынга алды


Баткендин Ак-Сай айылында чек ара жаңжалында өрттөлгөн үй.
Баткендин Ак-Сай айылында чек ара жаңжалында өрттөлгөн үй.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү жай жүрүп жатканын айтып, Министрлер кабинетинин ишин сынга алды. Бул тууралуу ал 21-июлда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

“Тажикстан бардык үйлөрдү куруп бүтүп адамдарды киргизип койду. Бизде үйлөрдүн жарымынын эле пайдубалы бүттү. Өкмөт үч айда эч нерсе жасаган жок”, - деди Сулайманов.

Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов турак жайлар ноябрь айынын аягына чейин курулуп бүтөрүн билдирип, Улукбек Марипов абал менен жеринде таанышуу үчүн Баткенге кеткенин айтты.

Ал эми экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев учурда бардык үйлөрдүн пайдубалы тургузулганын, анын ичинен 40 турак жайдын ичи жасалып жатканын маалымдады.

28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген.

Бул окуяда Баткенде 136 үй, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган. Жарактан чыккан үйлөр Түркиянын жана жергиликтүү ишкерлердин жардамы менен курулууда.

Тажикстандын Согд облусунда 14 турак-жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG