Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:31

Кыргызстанда пневмония болгондор былтыркыга караганда 24% көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, быйыл жыл башынан бери 16 миң адам пневмония болуп ооруду. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 24,3% көп.

Өпкөсү кагынып ооругандар Нарында өсүп, аталган облуста 2020-жылга караганда 1,7 эсе көбөйгөн. Андан кийинки орунда Чүй, Ысык-Көл облустары менен Бишкек шаары турат. Ошол эле учурда пневмония болгондор Баткенде 25,3, ал эми Таласта 20,1% азайган.

Адистер коронавирус пневмонияны козгоп-күчөтөрүн белгилешет.

Расмий маалыматка ылайык, соңку бир күндө COVID-19 вирусунан дагы тогуз бейтап көз жумду. Бул оорудан мерт болгондордун жалпы саны 2 205 адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 102 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 827 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 152 709 адамга жетти. Андан 128 905 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG