Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

OCCRP: Казак президенти менен премьер-министри да тыңшалган


Уюшкан кылмыштуулуккка жана коррупцияга каршы күрөшүү борбору (OCCRP) Pegasus тыңчылык программасы менен Казакстанда уюлдук телефондору бузулуп, мыйзамсыз тыңшоого дуушар болгондордун тизмесин чыгарды.

Анда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, премьер-министр Аскар Мамин жана Алматынын акими Бакытжан Сагинтаев да бар.

OCCRP тараткан маалыматта Касым-Жомарт Токаев менен Аскар Маминди тыңшоону Казакстан өзү жүргүзгөн болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Башында бул тизмеде Казакстанда беш ысым болгон. Анын экөө журналист жана үчөө коомдук ишмер. Мындан тышкары тыңшалгандардын арасында чет элдик эки кишинин телефон номери чыккан.

OCCRP Казакстан боюнча жалпысынан 2 миңден ашуун телефон номурлары каттоого алынганын таап чыкканын жарыялады.

Pegasus программасы телефон сүйлөшүүлөрдү, смс-билдирүүлөрдү жаздырып алып, уюлдук телефондо тартылып сакталган видео жана сүрөттөрдү көчүрүп, GPS аркылуу колдонуучунун кайда жүргөнүн жашыруун билип турганы аныкталган.

Иликтөө 2016-жылдан бери аңдуу жүргүзүлгөн дүйнөдөгү 50 миңден ашуун телефон номердин тизмесинин негизинде жүргүзүлдү. Тизме Forbidden Stories жана Amnesty International уюмдары аркылуу алынган.

Чалгын кызматтары үчүн чыгарылган Pegasus камсыздандыруу программасын израилдик NSO Group компаниясы иштеп чыккан. Аны Азербайжан, Бахрейн, Венгрия, Индия, Индонезия, Казакстан, Мексика, Марокко, Руанда, Сауд Аравия, Того сыяктуу өлкөлөр сатып алып, компаниянын негизги кардарлары болгону айтылат.

XS
SM
MD
LG