Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Азербайжан: журналисттер тыңшалганы ашкере болду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Азери бийлиги израилдик компаниянын тыңчылык программасын колдонуп, саясатчылардын, журналисттердин жана укук коргоочулардын жеке турмушун аңдып, аны шантаж катары пайдаланганы аныкталды.

Бийлик тымызын тыңшаган журналисттердин арасында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун азери кызматынын мурдагы жана азыркы кабарчылары да болгон. Бул тууралуу Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) баяндамасын жарыялады.

Баяндамада азери бийлиги татаал программалык камсыздандыруу аркылуу телефон сүйлөшүүлөрдү, смс-билдирүүлөрдү жаздырып алып, уюлдук телефондо тартылып сакталган видео жана сүрөттөрдү көчүрүп, GPS аркылуу колдонуучунун кайда жүргөнүн аныктап турганы белгиленет.

Азербайжан бийлиги чалгын кызматы үчүн техникалык жабдууларды чыгарган израилдик NSO Group компаниясынын Pegasus программасын колдонгон деп болжолдонууда.

OCCRP аңдууга алынгандардын арасында “Азаттыктын” азери кызматында иштеп кеткен жана учурда иштеп жаткан беш журналист бар экенин аныктаган. Алардын бири азери бийлигин сындаган материалдары үчүн куугунтукталган журналист-иликтөөчү Хадича Исмаилова.

“Ошентип, биз Азербайжандан миңден ашуун номерлерди текшердик. Алардын арасында сиз да барсыз. Көпчүлүк саясатчылардыкы сыяктуу эле, сиздин номер аркылуу досторуңуздун, тааныштарыңыздын жана адвокаттарыңыздын номерлери чыкты. Анын телефонго орнотулганы колдонуучуга байкалбайт. Ал "Пегасус" деп аталат, сиз анын иштеп жатканын көрбөйсүз жана сезбейсиз. Сиз телефонго келген кайсы бир нерсени басып алгансыз. Ошентип, телефонго орнотулуп, көмүскө иштей баштайт”, - деди уюмдун иликтөөчү-адиси Миранда Патрюсис.

“Азаттыктын” азери кызматынын Бакудагы бюросунда иштеп жүрүп, бийликтин каарына калып, сот жообуна тартылып чыккан Хадича Исмаилова учурда Түркияда жашайт. Бирок ал кесиптик ишмердигинен бир кыйла алыстап калганына карабастан, азери бийлиги ушул мезгилге чейин анын кыймыл-аракетин жана байланыштарын аңдып жүргөнү аны бир кыйла бушайман кылды. Иликтөөдө анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, досторунун жана тааныштарынын телефондору дагы тымызын тыңшоодо экени аныкталган.

Хадича Исмаилова аңдууга алынганын ырастаган материалдар менен таанышууда.
Хадича Исмаилова аңдууга алынганын ырастаган материалдар менен таанышууда.

"Бул абдан коркунучтуу. Муну кантип түшүнсө болот? Мунун улуттук коопсуздукка эч кандай тиешеси жок. Жеке турмушу тынымсыз аңдылгандай, бул иштин курмандыгы болгудай, менин үй-бүлөмдүн айыбы эмнеде? Алар улуттук коопсуздукка коркунуч алып келбейт. Бул адамдардын кандайдыр бир мамлекеттик сырларга ээ болуп, ошондуктан байкоо коюлду дегенге негиз жок. Алар мунун бардыгын бирөөгө беришпейт. Мунун бардыгы шантаж кылып, коркутуп-үкүтүү үчүн гана колдонулат", - деди Хадича Исмаилова.

OCCRP долбоорунун Азербайжан боюнча баяндамасында NSO Group компаниясы тууралуу иликтөөнүн бир бөлүгү гана жарыяланды. Анда компаниянын жабдыктары аркылуу 50 миңден ашык абоненттер тымызын тыңшалып, аңдылганы аныкталганы боюнча маалыматтар ачыкка чыгып кеткен эле.

Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү долбоорунун иликтөөчү адистери быйыл май айында Азербайжандан Түркияга чыгып кеткен журналист-иликтөөчү Хадича Исмаиловага жолукту. Анын уюлдук телефон номерлери, мессенжер байланыштары 2016-жылдан бери азери бийлигинин аңдуусунда экенин айтышкан. Ошондой эле, жакындары, тааныштары дагы татаал программалык камсыздоонун жардамы аркылуу тымызын тыңшоого алынганын билдиришти.

Иликтөөдө Азербайжан, Бахрейн, Венгрия, Индия, Индонезия, Казакстан, Мексика, Марокко, Руанда, Сауд Аравия, Того сыяктуу өлкөлөр тыңчылык жабдуусун иштеп чыккан бул компаниянын кардарлары болгону айтылат.

"Бул кишинин үрөйүн учурат. Биз баарыбыз эле кайсы бир тааныш эмес, инструменттин эмне экенин билип, колдонуп көргүбүз келет эмеспи. Анан биз Интернетке кошулганда ал нерсе ишке кирип, биздин аркабыздан аңдуу жүрүп жатканын кеч түшүнүп калабыз. Мен ушундай нерселерди чыгарган компанияларга, ага жол берген өкмөттөргө ачуум келди. Анан алар Алиевдин режими сыяктуу кара өзгөй начар адамдарга мына ошол программаларды сатып жатышпайбы", - деди Хадича Исмаилова.

Бул иликтөөнү OCCRP менен бирге 16 эл аралык басылма чыгарды. Алардын арасында The Washington Post, Guardian жана израилдик Haaretz сыяктуу басылмалар бар. Иликтөө 2016-жылдан бери аңдуу жүргүзүлгөнү аныкталган 50 миңден ашуун телефон номердин тизмесине негизделген.

Бул тизме Forbidden Stories жана Amnesty International уюмдары аркылуу алынган. OCCRP Азербайжандагы 245 кишинин номерин аныктаган. Алардын арасында журналисттер, укук коргоочулар жана медиа компаниялардын кожоюндары бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG