Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Украинанын атайын кызматы Сергей Шойгуну суракка чакырды


Сергей Шойгу. Орусиянын коргоо министри.
Сергей Шойгу. Орусиянын коргоо министри.

Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну кылмышка шектүү катары суракка чакыруу кагазын тапшырганын, тергөө жүргүзүү үчүн ал Мариуполго чакыртылганын украиналык “Главком” басылмасы кабарлады.

Басылма Украианын Коопсуздук кызматынын Донецк жана Луганск облустары боюнча башкармалыгынын ага тергөөчүсү Тарас Бутенконун колу коюлган чакыруу кагазынын көчүрмөсүн жарыялады.

Анда Украинанын Жазык кодексинин “Адамдардын өлүмүнө алып келген мыйзамсыз куралчан түзүмдөрдү уюштуруу” боюнча беренесинин негизинде Сергей Шойгуну кылмышка шектүү деп айыптаган тергөөнүн токтомун тапшыруу үчүн ал 20-июль күнү Мариуполь шаарына келиши керектиги жазылган.

Ушундай эле чакыруу кагазын украин атайын кызматы орусиялык ишкер Константин Малофеевге да даярдаган.

Украинада 2014-жылы Шойгу менен Малофеевге кылмыш иши козголгон болчу. Алар Украинанын аймагында мыйзамсыз куралдуу топторду уюштурууга шектелген.

2016-жылы Украинанын Башкы прокуратурасы Сергей Шойгуга жана башка дагы 17 орусиялык жогорку кызмат адамына издөө жарыялаган.

Башкы көзөмөл органдын жетекчиси Юрий Луценко бул өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган орусиялык кызмат адамдарынын айынан эки миңден ашуун украин аскерлери каза таап, сегиз миңге чукулу жаракат алганын билдирген.

Анын айтымында, 2014-жылы Украинанын чыгышындагы окуялардын кесепетинен материалдык чыгымдар менен жоготуулар 50 млрд АКШ долларына барабар деп эсептелген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG