Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Орусиялык хакердик топ ишке ашырды деген чабуулдун кесепетин иликтөө уланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус тилдүү REvil аттуу хакерлер тобу бөгөттөлгөн маалыматтар базасын ачуу үчүн 70 млн. доллар сураган. Талап кылынган акча которулбаса, андагы компаниялардын эсеп-кысап маалыматтарын ачык жарыялап жиберүү менен коркутканы кабарланды.

Америкалык Kaseya IT компаниясы анын программалык камсыздоо тутумун бузуп кирүүнүн кесепетинен ондогон кардарлары жабыркаганын жарыялады. Программалык камсыздоонун кардарларынын арасында соода, тейлөө жана медицина тармагындагы бир топ майда жана орто ишканалар бар.

Хакерлер тобу Kaseya IT компаниясынын VSA камсыздоо программасын зыянкеч вирустун жардамы аркылуу бузуп кирип, анын кардарларынын бухгалтердик эсеп-кысап тутумдарын бөгөттөп салган. Анын бул чабуулдарынан Европадагы бир топ компаниялар дагы жабыркады.

Орусиялык хакердик топ ишке ашырды деген чабуулдан кеминде 17 өлкөдөгү миңдеген колдонуучулар зыянга учурады. Чабуул Kaseya программалык камсыздоосун колдонгондорго жасалган.

Аны REvil деген топ жасады деп шек саналууда. Кибер кылмышкерлер чабуул алдында 45 миңден 5 миллион долларга чейин акча талап кылган.

АКШ президенти Жо Байден өлкөнүн коопсуздук кызматтарына иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Чабуулдун айынан швециялык Coop компаниясы дүйнөнүн ар кыл бурчундагы 800дөн ашык дүкөнүнүн ишин токтотууга аргасыз болду. Мындан сырткары Германия, Нидерланддардагы ири IT-компанияларга зыян келтирилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG