Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Президент депутаттар менен өлкөнүн азыркы абалын талкуулайт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугуп, өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер тууралуу пикир алмашат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мунун алдында парламенттеги "Азаттыктын" ишенимдүү булактары президент менен жолугушууда негизинен өткөн аптада бир катар талаш-талкуу, сын-дооматтан улам добушка коюлбай калган "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзам долбоорго байланыштуу сөз болорун билдишкен.

Мыйзам долбоорун Садыр Жапаров сунуштаган. Ага ылайык, 55 депутат партиялык тизме, 35 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Бир мандаттуу округдардан шайлоо үчүн Кыргызстан 103 миң шайлоочудан 35 округга бөлүнөт.

Кыргызстанда бир мандаттуу округдардан шайлоо акыркы жолу 2005-жылы өткөн. Ал шайлоонун жыйынтыгы 24-марттагы Жоогазын революциясы менен аяктаган.

Былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу калайман каршылык чыгып, ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров парламенттик шайлоо системасын өзгөртүүгө убада берген эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG