Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

OCCRP: азери бийлиги жүздөгөн журналист, активисттерди тымызын тыңшаган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азербайжандын бийлиги өлкөдөгү жүздөгөн журналист, активисттердин телефонун тыңшап келген. Өкмөт тымызын тыңшаган журналисттердин арасында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун азери кызматынын кабарчылары да болгон. Бул тууралуу Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) 18-июлда жарыялаган баяндамада айтылат.

Андагы маалымат боюнча, азери өкмөтү татаал программалык камсыздандырууну колдонуп, телефондук сүйлөшүүлөрдү, смс-билдирүүлөрдү, телефондогу видео, сүрөттөргө ээ болгон жана GPS аркылуу колдонуучу кайда жүргөнүн аныктап турган. Азербайжан чалгын үчүн жабдыктарды өндүргөн NSO Group компаниясынын Pegasus программасын колдонгон деп болжолдонууда.

OCCRP долбоорунун Азербайжан боюнча баяндамасы NSO Group компаниясы тууралуу иликтөөнүн бир бөлүгү катары жарыяланды. Анда компаниянын жабдыктары аркылуу 50 миңден ашык телефон номери тымызын тыңшалганы боюнча маалымат ачыкка чыгып кеткен эле.

Иликтөөдө Азербайжан, Бахрейн, Венгрия, Индия, Индонезия, Казакстан, Мексика, Марокко, Руанда, Сауд Аравия, Того сыяктуу өлкөлөр компаниянын потенциалдуу кардарлары болгону айтылат.

OCCRP Азербайжан боюнча иликтөөнү Pegasus программасынын базасында болгон журналисттер, жарандык активисттер, оппозициячыл саясатчылар колдонгон жүздөгөн телефон номерлеринин негизинде жүргүздү. Долбоор расмий Баку NSO Group компаниясынын кардары болгону тууралуу “акыркы далилдер” жок болсо да, иликтөөдөгү чогултулган маалыматтар азери бийлигинин тымызын тыңшаганы аныкталды деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG