Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Дүйшөмбү оогандык кыргыздарды артка кайтарды


Памирлик кыргыздар. Архив.

Ооганстандан Тажикстанга кире качкан 345 этникалык кыргыз мал-жандыгы менен 17-18-июль күндөрү кайра өздөрү туруктуу жашаган Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Андемин айылына кайтарылды. Тажик бийлиги ооган өкмөтү этникалык кыргыздардын жеке коопсуздугуна кепилдик бергенин билдирди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги оогандык кыргыздарга байланыштуу өтүнүчтөргө Тажикстандан жооп болбогонун маалымдады.

Ондогон ооган кыргыздары “Талибан” кыймылынан кооптонуп, Тажикстанга жер которгонуна төрт күн боло электе кайра Ооганстанга жөнөтүлгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме кылып, коңшу өлкөнүн мамлекеттик “Ховар” агенттиги жекшемби күнү кабарлады.

Ага ылайык, Тажикстанга кире качкан 345 этникалык кыргыз төрт миңдей мал-жандыгы жана транспорт каражаттары менен кошо 17-18-июль күндөрү кайра өздөрү туруктуу жашаган Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Вахан районуна кайтарылды.

“Ооган Ислам Республикасынын өкмөтү алардын жеке коопсуздугуна кепилдик берген соң [Тажикстандын] Мургаб районунун Кызыл-Работ айылдык кеңешине караштуу чек ара аймагы аркылуу аларды артка кайтаруу жараяны уюштурулду”, - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Ооганстандык кыргыздар. 2017-жылы тартылган сүрөт.
Ооганстандык кыргыздар. 2017-жылы тартылган сүрөт.

Бирок тажик тарап Ооганстандын өкмөтү памирлик кыргыздардын коопсуздугун кантип камсыздай турганын так маалымдаган жок.

Ооганстандын Вахан аймагындагы Андемин айылында жашаган 350гө чукул этникалык кыргыз 13-14-июль күндөрү топ-топ болуп Тажикстандын аймагына качууга аргасыз болушкан. Тажик тарап ооган кыргыздары жер которгон маалда эки ымыркай чарчап калганын маалымдаган.

15-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги памирлик кыргыздарды Тажикстандан алып келүү аракети жүрүп жатканын билдирген. Расмий маалыматка ылайык, расмий Бишкек Тажикстанга нота жолдогон жана анда оогандык кыргыздардын кыргыз-тажик чек арасына чейин тоскоолдуксуз өтүп келишине көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Бул маселе кыргыз президентинин жана Министрлер кабинетинин көзөмөлүндө турганы кабарланган. Азырынча Тажикстан Кыргызстандын мындай өтүнүчүнө кандай жооп бергени белгисиз.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын памирлик кыргыздарды Ооганстанга кайтарганына байланыштуу 19-июлдун кечинде “Азаттыкка” комментарий берди. Анда Министрликтин Маалымат департаментинин директору Нурлан Суеркулов Кыргызстан ооган кыргыздарына байланыштуу Тажикстанга бир нече жолу өтүнүчүн жолдогонун, бирок мындай расмий кайрылуулар жоопсуз калып жатканын билдирди.

Анын айтымында, 16-июлда кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде Тажикстандын Бишкектеги элчиси менен жолугушуу болгон. Анын жүрүшүндө Кыргызстан бардык оогандык кыргыздарды кабыл алууга даярдыгын тажик тарапка дагы бир жолу билдирген. Ошондой эле гуманитардык акция катары жана гуманизм принциптерин жетекчиликке алуу менен алардын Тажикстандан Кыргызстанга тоскоолдук келишине көмөктөшүү өтүнүчү келтирилген.

"Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысына ал өтүнүч берилген эле. Анда кыргыз тарап этникалык кыргыздарды эвакуациялоо маселелерин иштеп чыгуу үчүн аларга кыргыз адистеринин барышына жол берүүнү өтүнгөн. Ошону менен бирге кыргыз тараптын расмий кайрылуусу жоопсуз калып жатканын белгилөө керек. Качкындар, алардын Ооганстанга кайтарылышы жана аларга болгон коопсуздуктун кепилдиктери жөнүндө маалыматтар да расмий түрдө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине келип түшкөн жок”, - деп билдирди Суеркулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз тарап памирлик кыргыздарды кабыл алууга даяр экенин белгилегени менен тажик тарап менен кандай сүйлөшүүлөр болгонун тактаган жок.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

“Биз боордошторду бул жакка алып келип, жайгаштырганга даяр болчубуз. Анан алар кайра кетебиз десе, аларды күчкө салып алып келе албайбыз да. Азыр кайра кетебиз деп жаткан турбайбы. Ооган өкмөтү алардын коопсуздугуна кепилдик берип жатыптыр. Биз аларды кыйнап алып келе албайбыз да, туурабы?”, - деди Марат Иманкулов.

Памирлик кыргыздар негизинен Ооганстандын Вахан коридорундагы Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүн байырлашат. 2003-жылы алардын саны 5 миңдей болсо, азыр 1,5-2 миңдин тегерегинде экени кабарланып келет.

Бул аймактын географиялык шарты катаал, медициналык тейлөө жетишсиз. Мындан улам эне-баланын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү жогору. Буга чейин алардын бир бөлүгү Кыргызстанга көчүп келишкен.

Бул жолу памирлик кыргыздар Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен “Талибан” кыймылынын ортосунда уруш күчөп, талиб жоочулары улам бир районду басып алып жаткан учурда жер которушту. Алардын тагдыры кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланып, качкындарды тарыхый мекенине жеткирүүнү бийликке сунуштагандар көп болгон.

Азырынча Памирдин өзүндөгү кыргыздар менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Андыктан Тажикстанга жер которгон кыргыздардын тандоосу кандай болгону беймаалым.

Түркиянын Ван аймагында чоңойгон, Дүйнөдөгү памирлик кыргыздар бирикмесинин жетекчиси Бүнямин Токер Кыргызстан тараптан талибдерден качкан кыргыздарга жетиштүү жардам көрсөтүлбөгөнүн сынга алып, памирликтер коркунуч болгону үчүн жер которгонун айтты.

“Быйыл кышта жут болуп, малдар өлүм, коронавирустан канча адам каза болуп, бир нече адам Бадахшандын борбору Файзабадга дарыланууга түшкөн экен. Ал жерде согуш чыгып кетип, көздөрүнүн алдында адамдардын өлгөнүн көрүшкөн. Алар артка качып барып, өмүрүндө согуш көрбөгөн кыргызыбыз “бул жаман экен, болбойт экен” деп көчүп кеткен эле. Бечара кыргызыбыз коркуп качып барды эле, алардан кабар алгандар болбоду. Кыргызстан мамлекетинен бир дипломат же бул жактагы этникалык кыргыздар барып, өз көзү менен көрүп, кабар да ала албады”, - деди Бүнямин Токер.

Токер Тажикстанга жер которгон кыргыздар деген бир нече адамдын перс тилинде сүйлөп, өз жагдайын түшүндүрүп жаткан видеолорун “Азаттык” менен бөлүштү. Видео тоолуу өрөөндө тартылган, кыргыздардын арасында кеминде бир тажик арачысына окшош кийинген адам жүргөнүн, памирлик кыргыздардын бири Кыргызстанга өтүүнү көздөп жатканын айтканын угууга болот.

“Биз Ооганстанга кайтып баргыбыз келбейт. Биз же Кыргызстанга кетүүнү же эгер уруксат берсе, Тажикстанда калууну көздөйбүз. Жакында 12 оорулуу адам менен Файзабадга бардым эле. Аларды эч ким караган жок”, - деп билдирген кыргыздардын бири.

Тажикстанга качкан ооган кыргыздары артка кайтарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

Мыйзам жүзүндө памирлик кыргыздар Ооганстандын жарандары. Андыктан алардын маселесине ооган өкмөтү жооптуу экени белгилүү.

Азырынча Тажикстан этникалык кыргыздарды артка кайтаруу чечими тууралуу Бишкекке кабар берип-бербегени белгисиз. Буга чейин Тажикстан талибдерден качып кирген жүздөгөн ооган аскерлерин да кайра Кабулга жөнөткөн болчу.

Кантсе да ооган кыргыздарынын маселеси апрель айынын соңундагы чек ара жаңжалынан бери Кыргызстан менен Тажикстандын алакасында олку-солку абал өкүм сүрүп жаткан учурда күн тартибине чыгып жатат.

Памир кыргыздары.
Памир кыргыздары.

Кыргыз дипломаты, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Кыргызстан ооган кыргыздарына жардам бериши керек экенин белгилеп, тажик-кыргыз мамилесинин болжолдуу таасирине да токтолду.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

“Азыр тажик тарап менен эки тараптуу мамилебиз абдан салкындап турган убак. Азыр өздөрүнүн студенттерин Кыргызстандан чакырып кетип жатат. Алар менен бир сүйлөшүүгө келе элекпиз. Чек аралар дагы эле жабык. Чек арада биздин жараныбыз окко учту. Биздин жараныбыз Тажикстанда “чек арадан мыйзамсыз” өткөн деп абакка кесилди. Ошондуктан бул дагы Тажикстандын бизге түз эмес көз карашынын белгиси”, - деди Аскер Бешимов.

Талибдер АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрү май айынын башында Ооганстандан чыгып кете баштагандан тартып чабуулдарын күчөткөн. Соңку бир нече апта ичинде алар Ооганстандын түндүгүндөгү, анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен бир топ аймактарга көзөмөлүн орнотту. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы кабарчысы Наматулла Ахмади памирлик кыргыздар жашаган Вахан районунун борбордук бөлүгү талибдердин көзөмөлүнө өткөнүн, бирок “Талибан” кыргыздар жашаган аймактарга жетпегенин маалымдады.

“Вахан аймагын талибдер 25 күн мурда ээлеп алышкан. Бирок кыргыздар Вахандын Памир бөлүгүндө жашашат. Ал жакта талибдер жок. Тажик медиасы бул районду талибдер ээлеп алганын кабарлашкан. Жергиликтүү бийлик бул маалыматты ырастаган жок. Мен кечээ жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен сүйлөшкөм. Талибдер көзөмөлдөгөн аймактан кыргыздар жашаган жерге чейинки аралык жети күндүк жол. Жолдун жарымына чейин эле автоунаа жүрөт. Талибдер ал жакка жеткен жок. Бирок жергиликтүү кыргыздар талибдерден кооптонуп, эгер алар келишсе, бизди кыйнайт деп качып чыгышкан”, - деди журналист Наматулла Ахмади.

Ооганстан. Вахан коридору. Архив.
Ооганстан. Вахан коридору. Архив.

Кыргыздар байырлаган Чоң Памир жана Кичи Памир аймактары Ооганстандын түндүк-батышындагы узундугу 350, туурасы 13-65 чакырымдык Вахан коридорунда жайгашкан. Бул коридор Пакистан, Кытай, Тажикстан жана Кашмирдин Исламабадга баш ийген бөлүгү менен чектешет.

Борбор азиялык тарыхчылардын маалыматына ылайык, Памир өрөөндөрүндө 16-кылымдарда эле кыргыз көчмөндөрү жыл мезгилине жараша көчүп, конуп турушкан. Америкадагы Бостон университетинин антропологу, памирлик кыргыздар менен бир нече ай чогуу жашаган Тед Кэллаган өз китебинде жазгандай, Памир өрөөнүн учурдагы Кыргызстандын Алай жана Тажикстандагы Каратегин аймактарын байырлаган кыргыздар жайыт катары колдонуп турушкан. Араларында Кокон хандыгынын агрессиясынан жана Орус империясынын күчөгөн таасиринен качкандар да болгон.

19-кылымдын соңундагы жана 20-кылымдын башындагы геосаясий кырдаалдан улам кыргыздар мурдагыдай кенен кесири көчүп жүрө албай, бир бөлүгү аймакка туруктуу отурукташып калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG