Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:45

Борбор Азия "Талибан" менен сүйлөшүүгө аргасызбы?


Пакистандын премьер-министри Имран Хан (солдо), Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Ооганстандын президенти Ашраф Гани Ташкенттеги эл аралык конференцияда, 16-июль 2021-жыл.

Дүйнөлүк бир катар басылмалар бул аптада ооган маселесинин Борбор Азиядагы жаңырыгына, орус президенти Путиндин жаңы коопсуздук стратегиясына, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарынын ишине байланыштуу жаңы мыйзамга көңүл бурушту.

Ооганстандагы кырдаал дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүл борборунда турат. Британиядагы The Guardian гезити 15-июлда “Ооганстандын коңшулары жарандык согуштун алдын алуу аракетин күчөттү” деген макаласын жарыялады. Анда “Талибан” кыймылынын улам бир ооган районун ээлеп алып жатышы чөлкөмдөгү ондогон лидерлерди жана башкы дипломаттарды Өзбекстанга чогулууга аргасыз кылганы жазылган.

Ооган маселеси Ташкентке жетти

16-июлда Ташкентте өткөн “Борбордук жана Түштүк Азия: регионалдык өз ара байланыш” деп аталган эл аралык конференцияга Европа Биримдигинин, Орусиянын, Кытайдын, Түркиянын, Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын башкы дипломаттары катышты. Ошондой эле, ооган президенти Ашраф Гани, АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад да Өзбекстандын баш калаасына келди. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш видео байланыш аркылуу жыйындын катышуучуларына кайрылды.

“Ооганстандын коңшуларынын арасында АКШнын аймактагы таасиринен чоочулаган өлкөлөр көп. Алар Американын согушунун аяктап жатканына жана АКШнын дрондорунун, учактарынын жана чалгын кызматкерлеринин чөлкөмдөн кетип жатканына кубанышат. Бирок алар эгерде АКШнын күчтөрү чыгып кеткенден кийин уруш күчөсө, Ооганстандын экстремисттерден баштап, качкындарга чейинки бир топ маселеси ооган чегинен чыгып, андан ары жайылбайбы деп кооптонуп турушат”, - деп жазат макаланын автору Эмма Грэм-Харрисон.

Ал 1989-жылы советтик күчтөр Ооганстандан чыгып кеткенден кийин миллиондогон качкындар Иран, Пакистан баштаган бир катар мамлекеттерге жер которгонун, бул ирет да качкындардын жаңы агымы башталганын, Тажикстанга жүздөгөн ооган аскерлери кире качканын эске салган.

Ташкенттеги эл аралык конференциянын катышуучулары, 16-июль 2021-жыл.
Ташкенттеги эл аралык конференциянын катышуучулары, 16-июль 2021-жыл.

Макалада белгиленгендей, Борбор Азия өлкөлөрү АКШ Ооганстандан чыгып кете турган учурга көп жылдан бери даярданып келген жана айрымдары “Талибан” менен байланыш куруп, керек болсо күнүмдүк маселелер боюнча бул куралдуу топ менен иштешүүгө өткөн.

“Мисалы Өзбекстан Ооганстанды электр энергиясынын көп бөлүгү менен камсыздайт. Расмий жетекчилер камсыздоо чек аралардан тоскоолдуксуз өтүп турушу үчүн “Талибан” менен диалогду кармап келе жатканын моюнга алышат. Жоочулар чек арадагы бир катар өткөрмө бекеттерди, анын ичинде Ооганстандын Иран жана Тажикстан менен чек арасындагы өткөөлдөрдү басып алгандан кийин мындай прагматикалык мамилелер күчөйт окшойт”, - деп жазылган The Guardian басылмасынын макаласында.

“Талибан” кыймылы АКШ баштаган эл аралык коалициянын аскерлери май айынын башында Ооганстандан чыгып кете баштагандан бери чабуулдарын күчөттү. Талибдер соңку апталарда Ооганстандын түндүгүндөгү Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарды да ээлеп алды. Бул аптада талибдерден кооптонгон 350гө чукул оогандык кыргыздар Тажикстанга жер которушту. Алар тажик чек арасынан өтүп жатканда эки ымыркай чарчап калганы белгилүү болду.

Путиндин жаңы стратегиясы

Соңку бир аптада айрым англис тилдүү басылмалар Орусиянын Улуттук коопсуздук боюнча стратегиясы 2015-жылдан бери биринчи жолу жаңылаганына көңүл бурушту. Буга байланыштуу баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Financial Times гезитинин баяндамачысы Филип Стивенс 15-июлда “Владимир Путиндин Орусиясынын морт фасады” деген макаласын жарыялады.

Анда айтылгандай, жаңы стратегияда Батыш өлкөлөрүнө мурдагыдай эле терс мүнөздөмө берилген жана Батыш Орусияга экономикалык же аскердик тармактарда гана эмес, маданий жактан да коркунуч туудурары жазылган.

“Улутчул автократтар өлкөнүн ичиндеги репрессияны актоо үчүн сырткы душмандарга муктаж. Орусиянын президенти андай душманды эбак эле Батыштан тапкан”, - деп жазат Филип Стивенс.

Автор калктын жашоо стандарттарынын начарлашына чет өлкөлүктөр күнөөлүү эместигин белгилеп, Орусиядагы бир катар ички маселелерди тизмектеген. Анын айтымында, Путиндин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдан сестенгени бекеринен эмес. Себеби учурда орус бийлигинин алдында экономиканын солгундашы, мунайга болгон көз карандылык, демография, технологиялык жетишкендиктердин жоктугу, коррупция сыяктуу маселелер турат.

“Путиндин жалгыз санаасы – бул өз бийлигин сактап калуу. Ал өз позициясын коргоо үчүн Орусиянын келечегин уурдагысы келет. Ал Си Цзиньпиндин Кытайына тагдырлаш болуу менен дал ушуну кылып жатат. Орусия мунун акысын төлөгөн учур келгенде Путин эбак кеткен болот”, - деп жазды Филип Стивенс.

Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

The Diplomat басылмасы Орусиянын Улуттук коопсуздук боюнча жаңыланган стратегиясына кенен токтолуп, документке “чоң евразиялык өңөктөштүк” деген жаңы түшүнүк киргизилгенине көңүл бурду. Анда айтылгандай, бул түшүнүктү Путин алгач ирет 2015-жылы Федерация кеңешине кайрылуусунда колдонгон.

“Бул соңку жылдары орус бийлигинин расмий риторикасынын бир бөлүгү болуп калды. Бирок анын саясий жана экономикалык негизи болушу керек”, - деп айтылган макалада.

Мындан тышкары макалада Орусия Батыш менен алакасы бузулуп турган учурда Азиядагы эки ири держава – Кытай жана Индия менен прагматикалык мамиле түзүп жатканы, ошол эле учурда Москва Бээжиндин Евразиядагы үстөмдүгүнөн кооптонуп турганы белгиленген.

Камтамачылык коштогон жаңы мыйзам

Мындан тышкары The Diplomat басылмасы 15-июлдагы макаласында Кыргызстан бейөкмөт уюмдарга жаңы көзөмөл чараларын киргизип жатканына көңүл бурду. Анда кыргыз бийлиги финансылык ачыктыкты камсыз кылуу деген жүйөө менен коммерциялык эмес уюмдарды кошумча отчет берүүгө милдеттендиргени, бирок буга активисттер менен чет өлкөлөр тынчсызданып турганы жазылган.

Макаланын автору Кэтрин Пуц Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар ансыз деле өз ишмердиги тууралуу мамлекетке отчет берип келгенин белгилеп, жаңы мыйзамдын кабыл алынышына АКШнын Мамлекеттик департаменти жана “Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк” уюму камтамачылыгын билдиргенин эске салган.

“Эми мыйзам кабыл алынды, кыргыз бейөкмөт уюмдары анын шарттарын аткарууга тийиш. Биз мамлекет чындап эле финансылык ачыктыкты камсыз кылууга кызыкдар экенин, же болбосо бейөкмөт уюмдардын ишин оорлоштурууну көздөөрүн көрө жатарбыз. АКШнын Мамлекеттик департаменти белгилегендей, буга окшош мыйзамдар мурда туура эмес максатта колдонулган жана ошолорду кайталайт деп күтүүгө болот”, - деп жазат автор.

Жогорку Кеңеш кабыл алган “Коммерциялык эмес уюмдар”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдардагы өзгөртүүлөргө президент Садыр Жапаров 17-июнда кол койгон. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык коммерциялык эмес уюмдар эми каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны, алардын эмгек акысы тууралуу Юстиция министрлигине милдеттүү түрдө отчет берет. Ал отчеттор Каржы кызматынын сайтына илинет.

“Дельтанын” коркунучу

Коронавирустун “дельта” варианты дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүн кооптондуруп турат. The New York Times басылмасы АКШда эмдөөдөн өткөндөр менен эмдөөдөн өтпөгөндөрдүн эки ири тобу же “эки Америка” пайда болуп калганын, жаңы вариант таралып жаткандыктан аларды эки башка жол күтүп турганын жазды.

14-июлда жарыяланган макалада белгиленгендей, америкалыктар эпидемия басаңдаганына кубанганы менен жаңы штаммдын дүбүртү барган сайын катуураак угула баштады. Учурда Кошмо Штаттарда коронавирусту жаңы жугузуп алган адамдардын жарымынан “дельта” варианты аныкталып жатат.

"Дельта" вариантынан улам жаңы чектөөлөр киргизилген Сидней шаары, 23-июнь 2021-жыл.
"Дельта" вариантынан улам жаңы чектөөлөр киргизилген Сидней шаары, 23-июнь 2021-жыл.

Макалада айтылгандай, COVID-19дун бул варианты Жапония, Австралия, Индонезияда жаңы чектөөлөргө жол ачты. Керек болсо калктын көбүндө коронавируска каршы иммунитет пайда болгон Британияда да “дельтанын” таралышы эмдөөнүн ылдамдыгынан ашып кетти.

Тез жайылган бул штамм алгач Индияда аныкталган. Жаңы варианттан улам Индияда кеминде 400 миң адам көз жумду. Бул вариант Британияга тез жетип, учурда өлкөдөгү вирустун жаңы учурларынын дээрлик 99 пайызын түзүп жатат.

The New York Times жазгандай, “дельта” варианты дүйнөнүн 104 өлкөсүндө табылды. Бул штамм өзгөчө эмдөө жай жүргөн өлкөлөрдө тездик менен жайылууда. Маселен Африкада жалпы калктын 1 пайызга жакыны гана коронавируска каршы толук эмдөөдөн өттү. Натыйжада бул континентте ар бир үч жума сайын “дельта” вариантына чалдыккандардын саны эки эсе көбөйүп жатат. Маселен июнь айынын соңку аптасында Африкада коронавирустун жугузуп алгандарын саны 25 пайызга, COVID-19дан көз жумгандардын саны 15 пайызга өскөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG