Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Бээжиндин катаал саясатына көз жумган Борбор Азия


Шинжаңдагы мажбурлап жумушка тартылган этникалык азчылык өкүлдөрү.

Түркмөнстан Кытайдын Шинжаңдагы, Гонконгдогу жана Тибеттеги катаал саясатын ачык колдоп чыкты.

Азыркы учурда андан башка Борбор Азия өлкөлөрү деле Шинжаңда басмырланган казак, уйгур жана кыргыздардын укугун коргоого батынбай, Бээжиндин катаал мамилесин анын “ички иши” деп чечмелөө менен чектелип келүүдө.

Бул өлкөлөрдүн Бээжинге үн ката албаган саясатынын сырын саясат талдоочулар алардын Кытайдан каржы-экономикалык көз карандылыгы менен байланыштырат.

БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинин 14-июлда болгон 47-сессиясында сөз алып сүйлөгөн Түркмөнстандын өкүлү Бээжиндин Шинжаңдагы, Гонконгдогу жана Тибеттеги саясатын колдоп, аны Ашхабад Кытайдын “ички иши” деп тааный турганын билдирди.

"Түркмөнстан “мамлекеттердин суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүн урматтоо жана эгемен мамлекеттин ички ишине кийлигишпөө принциптери эл аралык мамилелердин негизин түзөт” деген идеяны кубаттайт. Бул өңүттөн алганда, менин делегациям Кытай Эл Республикасынын позициясын колдойт. “Бир өлкө – бир Кытай” принцибинин негизинде Гонконгго жана Шинжаңга байланыштуу суроолор Кытайдын ички иши. Биз Адам укуктары боюнча кеңеш кайсы бир кырдаалга каршы туруу үчүн саясий максатта колдонулбашы керек деп эсептейбиз", - дейт Түркмөнстандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Экономикадан аскердик кызматташтыкка

Кытай түркмөн газын ири көлөмдө сатып алган эң чоң кардары катары да белгилүү. Ошондуктан Бээжин менен Ашхабаддын соода-экономикалык алакасы жогорку деңгээлде экени белгиленип келген.

13-июль күнү Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Ашхабадка барган. Кытайдын башкы дипломаты президент Бердымухаммедов менен жолугуп, анда кызматташтыктын жаңы багыттары талкууланды.

Ван И Ооганстандагы кырдаалга түйшөлүп, Кытай коопсуздукту чыңдоодо Түркмөнстан менен кызматташууга кызыкдар экенин айткан.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Рейд Стендиш муну менен Кытай эми аскерий таасирин да арттырууга киришкени катары мүнөздөдү.

"Салттуу жана салттуу эмес колдоо көрсөтүү дегенде болжолдуу түрдө чалгын маалыматтарын алмашуу, аскердик даярдык боюнча тажрыйба алмашуу жана курал-жарак алуу сыяктуу эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүү жүрүшү мүмкүн. Түркмөнстан ЖККУ жана ШКУ уюмдарына мүчө болбогондуктан Бээжин Ашхабад менен эки тараптуу негизде түз сүйлөшүүгө кызыкдар. Кытай Ооганстандагы коопсуздукка жана уйгур жикчилдеринин маселесине көңүл буруп турат. Буга чейин Кытай Тажикстандын Ооганстан менен чектешкен тилкелерине чек ара тозотун курган. Мурда Борбор Азияда Орусиянын таасири күчтүү болсо, соңку жылдары Кытай чөлкөмгө таасирин арттырып, чоң рол ойной баштады",-деди эксперт Стендиш.

Бээжин колдоочуларын көбөйтүүдө

Дүйнөлүк коомчулук Кытайдын этникалык жана диний азчылыктарга жасаган мамилесин айыптап жатса, Борбор Азия мамлекеттери болсо Бээжинден каржылык колдоо күтүп, анын мусулман азчылыгына жасаган катаал мамилесине карата үн катпай келет. Буга алардын Кытайдын астындагы олчойгон карызы жана соода-экономикалык жактан көз карандылыгы себеп болушу мүмкүн дегендер да аз эмес.

Буга чейин өнүгүп келеткан өлкөлөр “Шинжаң маселеси” боюнча “калыс” пикирин карманып, же адатта добуш бербей келишсе, соңку мезгилде Бээжиндин дипломатиялык тымызын басымы менен анын турумун колдогондордун катары калыңдады.

Украина жакында Кытайдын саясатын айыптагандардын тизмесинен колун чакыртып алганы кабарланды. Анткени Киев Кытайдан вакцина алуу келишими үзгүлтүккө учурап калуусунан чочулап, Бээжиндин ишаратын өз убагында түшүнгөнү тууралуу маалымат чыккан.

Ошентип жылда Кытайды айыптагандар көп болсо, “Синьхуа” агенттиги быйыл Бээжинди колдогондордун саны 68 өлкөгө жеткенин жазды.

Быйылкы жылы Кыргызстан БУУнун адам укугу боюнча кеңешинин панелдик талкуусуна катышпагандыктан, кандай добуш бергени белгисиз. Бирок Бишкек 2019-жылы Бээжинди ачык колдогон:

"Кыргыз Республикасы Шинжаң-Уйгур автоном районунун маселелерин түздөн-түз Кытайдын ички иши деп санайт жана Кытай өкмөтүнүн маданияттын көп түрдүүлүгүн жана Шинжаңдагы бардык улуттардын диний эркиндигин сактоо аракеттерин баалайт. Шинжаңдын коопсуздугун, туруктуулугун жана өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча Кытай тарабынан көрүлгөн чараларды колдойт”, - деген болчу Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Айбек Молдогазиев.

"Кыянатчылык айыпталат"

БУУнун адам укугу боюнча кеңешинде быйыл да Шинжаңдагы, Гонконгдогу жана Тибеттеги Бээжиндин катаал саясаты айыпталып, азчылыктарга жасалган кысымды токтотуу маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле адам укугунун чыныгы абалын каттоого алуу үчүн Кытайга көз карандысыз байкоочуларды киргизүү сунушталды.

АКШ мамкатчысы Энтони Блинкен жакында жасаган баяндамасында да адам укугун одоно бузганы үчүн Кытайды кыянатчы алты мамлекеттин катарына кошту:

Вашингтон. Энтони Блинкен. АКШ мамкатчысы.
Вашингтон. Энтони Блинкен. АКШ мамкатчысы.

"Бул жылкы баяндамада биринчи жолу Бирмадагы, Эфиопиядагы, Кытайдагы жана Сириядагы жырткычтык көрүнүштөрү кеңири чагылдырылды. Бул эң эле татаал маселелер биздин тышкы саясаттын күн тартибинде орчундуу орунда турат. Биз адам укугу жана демократиялык баалуулуктарды жактаган резолюциялардын үстүндө иштөөнү улантабыз. Биз дүйнөдөгү кыянатчылыктарды азайтуу үчүн дипломатия, чет элдик жардам, фактыларды иликтеп, жарыялоо жана финансалык каражаттар сыяктуу механизмдерди пайдаланабыз", - дейт Блинкен.

Ал эми Бээжин этникалык жана диний азчылыктарга карата жасалган кысымды моюнга албай, Кытайда миңдеген адамдар кармалып турган абактарды болсо “саясий кайра тарбиялоо” лагерлери деп атап, аны террорчулукка каршы жүргүзүлгөн аракет катары сыпаттап келет. Бээжин адам укугунун абалы боюнча айтылган дооматтарды ички ишине кийлигишүү катары четке кагып жүрөт.

"БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Шинжаңдагы адам укуктарынын абалы боюнча сын-пикири чындыкка коошпойт. Азыркы мезгилде Шинжаңда социалдык туруктуулук болуп, экономикалык жактан гүлдөп жатат. Бардык адамдар ынтымакта жашап, иштеп, этникалык топтордун жетиштүү деңгээлде кепилдик берилген укуктарга ээ",- деди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзянь.

Боштондук талап кылгандар

Борбор Азия чөлкөмүндө Казакстан менен Кыргызстанда Шинжаңда жакындары кармалып, камалып же уурдалып жаткан жарандар Кытай элчиликтери менен консулдуктарынын алдында митингдерди өткөрүп, Бээжинден бейкүнөө адамдарды кысымга алып, аларды тукум-курут кылган саясатты айыптап келишти. Казакстанда мындай митингдерге чыккандар дагы куугунтукталып, жарандык активисттер камалган учурлар болду.

Казакстандагы “Нагыз Ата-Журт” коомунун башчысы Бекзат Максутхан уулу Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылган акциялар үчүн куугунтуктоолор чыныгы абалды ашкерелеп жатканын белгиледи:

“Мына ушундай мамиленин айынан Кытайдагы биздин бир боорлорго жасалып жаткан тукум-курут саясатынын чыныгы жүзү ачылды. Бизди кайра-кайра кармап, айып пул салып, камакка алып, полициянын күч көрсөтүп жатканы бекеринен эмес. Кытай өзүнүн кыңыр саясатын актап, жашыруу үчүн биздин казак бийлигине акцияга чыккандардын оозун жабууга буюртма бердирип, анын айласын издеп жатканы ошондон. Бул да болсо биздин иштин натыйжасы”, – деди Бекзат Максутхан уулу.

Анткен менен расмий Нур-Султан дагы Шинжаңдагы этникалык казактарга жасалган катаал мамилени Кытайдын ички иши деп эсептейт. Мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жакында курган маектеринин биринде Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылган митингдерди уюштурууну Бээжин менен мамилени бузгусу келгендердин аракети сыяктуу мүнөздөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG