Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

COVID-19: Дүйнөдө каза болгондор кайра көбөйдү


Индонезияда крематорийлер күнү-түнү иштеп жатат. 12-июль, 2021-жыл. Жакарта.
Индонезияда крематорийлер күнү-түнү иштеп жатат. 12-июль, 2021-жыл. Жакарта.

Коронавируска чалдыккандардын жана бул илдеттен каза болгондордун саны кайра өстү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 14-июлда билдирди. Эл аралык уюм муну вакцинациянын жай жүрүшүнөн, санитардык эрежелердин сакталбаганынан жана "дельта" штаммдын тез жайылышынан көрүп жатат.

Саламаттык сактоо уюмунун статистикасына ылайык, өткөн жумада вирус 55 миң кишинин өмүрүн алган, бул андан мурунку аптага салыштырмалуу үч пайызга көп.

"Дүйнөдө COVID-19га чалдыккандардын саны төрт жума катары менен өсүп жатат. Биз дүйнөнүн баардык аймактарында ооруканалар толуп жатканы тууралуу кабарларды угуп жатабыз. Коронавирустун "дельта" вариантынан улам ооругандардын жана каза болгондордун санын көбөйүүдө", - деди ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус.

Маалыматка караганда, вирус учурда Бразилия, Индия, Индонезия жана Британияда катуу жайылып жатат. Индонезияда соңку бир суткада COVID-19 илдети миңден ашуун адамдын өмүрүн алып, вирус 54 миң кишиден жаңы аныкталды. Крематорийлер каза болгондордун сөөгүн жерге берүүгө жетишпей, күнү-түнү иштеп жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсустун айтымында, учурда коронавирустун "дельта" варианты 111 мамлекетте катталды.

"Учурда саламаттык сактоо тармагында кырдаал курчуп баратканы байкалып жатканын айткым келет. Бул жагдай адам өмүрүнө, дүйнөлүк экономикага коркунуч жаратууда", - деди ал.

Эпидемиологиялык жагдай Аргентинада дагы оор. Жаңы толкунга байланыштуу Латын Америкасындагы бул мамлекетте каза болгондордун саны 100 миңден ашты. Бул дүйнөдөгү эң катаал карантин киргизген өлкө үчүн чоң сокку болду. Акыркы бир суткада эле коронавирус 614 кишинин өмүрүн алган. Орусияда өлгөндөрдүн күнүмдүк көрсөткүчү пандемия башталгандан берки эң жогорку чекке жетип, 800гө чамалады.

Коронавируска чалдыккан бейтапты сүйрөп бараткан медкызматкер. Москва, 30-июнь, 2021-жыл.
Коронавируска чалдыккан бейтапты сүйрөп бараткан медкызматкер. Москва, 30-июнь, 2021-жыл.

Карантин жана вакцинация чаралары күчөтүлүп жатат

Коронавирус жугузуп алгандардын кескин көбөйүшүнө байланыштуу Австралиянын Сидней шаарында карантин чаралары катаалдашты. Калаанын беш миллиондой тургунуна июль айынын соңуна чейин зарыл жумушу болбосо көчөгө чыгууга тыюу салынды. Түштүк Кореянын баш калаасы Сеулда дагы аралыкты сактоо боюнча эрежелер күчөтүлдү.

Испаниянын айрым аймактарында, анын ичинде Барселонада түнкү коменданттык саат киргизилди.

Ал арада Францияда медкызматкерлер милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшү керек деген чара киргизилди. Ошондой эле, бул мамлекетте бир катар коомдук жайларга вакцина алгандарга гана кирүүгө уруксат берилет. Мындай чараларга каршы жүздөгөн адам Франциянын ар кайсы аймактарында нааразылык акциясына чыгышты. Парижде полиция демонстранттарды жаш чыгарчу газ чачып таркатты.

Грециянын баш калаасы Афиныда жарандардын эмделишине басым кылган жаңы эрежелерге каршы төрт миңдей адам нааразылык акциясына чыкты.

Бул мамлекеттин өкмөтү тамактануучу жана маданий жайларга вакцина алган гана адамдар кире аларын жарыялаган. Ошондой эле, эмдөөдөн өтпөгөн медкызматкерлер вакцина албаса, иштен алынарын эскерткен.

Орусияда бийлик коронавируска каршы эмделбегендерди иштен алууга уруксат берди. Жумуш берүүчү алгач кызматкерден вакцина алууга каршы экенин ырастаган жазуу түрүндө түшүндүрмө алышы зарыл.

"Вакцина - чип эмес". Бишкектеги эмдөөнүн жүрүшү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG