Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

COVID-19: Орусияда курмандыктар көбөйдү


Орусия. Эмдөө пункттарынын бири. Москва, 13-июль, 2021-жыл.
Орусия. Эмдөө пункттарынын бири. Москва, 13-июль, 2021-жыл.

Орусияда коронавирус илдетинин жайылышы күчөп, кырдаал курчуп кетти. Бир күндө илдеттен 780 адам каза таап, бул көрсөткүч пандемия башталгандан берки антирекорд болду.

Буга санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталбаганы жана эмдөөнүн чабалдыгы себеп болгону айтылды.

Орусиянын коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабынын маалыматында, өлкөдө илдет соңку суткаларда лабораториялык жактан 24 миңден ашуун адамдан аныкталган. Өлүмдүн саны боюнча пандемия башталгандан берки эң чоң антирекорд катталды. Каза болгондордун саны бир күндө 780 адамды түздү. Сегизинчи күн катары менен күнүнө 700дөн ашуун адам каза болууда. 19 миңден ашуун киши илдеттен сакайып чыкты.

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын маалыматында көрсөтүлгөн. Бирок илдетти жугузуп алгандар менен анын кесепетинен көз жумгандардын саны мындан алда канча көп дегендер да арбын.

Жергиликтүүлөр Sputnik V вакцинасына ишенбегендиктен Орусияда калкты эмдөө жай жүрүп жатканы айтылууда. Москва шаарынын тургуну Юлия Конавалова чет элдик вакцинага кезекке тургандардын саны көп экенин айтты:

“Саламат Москва” павильонуна бүгүн CoviVac вакцинасы келип түштү. Биз ага үч саттан ашуун кезекте турдук. Анан бизге “үйүңөргө бара бергиле, вакцина калбай калды" деп айтышты. Бул жерде кезекке тургандарды көрсөңөр жөн эле таң каласыңар. Биз дагы ушунтип канчага чейин кезекке турабыз, элестете албайм”, – деди Конавалова.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча июль айынын башына карата эмдөөдөн өткөн калктын саны болгону 15 пайызды гана түзгөн. Орусиянын бийлиги бул үчүн Sputnik V вакциянасын өндүрүүнү көбөйтүүнү убада кылды.

Орусиянын тикелей инвестициялар фондунун аткаруучу директору Кирилл Дмитриев Индия менен кызматташарын билдирди:

“Мында технологияны берүү жараянын эртерээк баштоо абдан маанилүү. Анткени аны индиялык уруксат берүүчү орган батыраак каттоого тийиш. Тиешелүү зарыл болгон чийки зат элементтери ал жакка жөнөтүлүп, Serum Institute вакцинаны өндүрүп баштайт. Ошентип Индиянын калкын коргоого жана андан сырткары экспортко жылына 300 млн доза өндүрүлөт”.

Дарыгерлер Орусияда соңку мезгилде коронавирустун кулач жайышына "дельта" штаммы себеп болгонун айтышууда. Буга карабастан Орусиянын бийлиги кайрадан улуттук деңгээлде карантиндик чектөөлөрдү киргизүүгө шашылбай турганын жарыялады.

Москванын мэри Сергей Собянин болсо баш калаада кырдаал бир аз турукташып калганын билдирди. Бирок соңку суткаларда Москванын өзүндө эле COVID-19 илдетинин 5 миңге чукул жаңы учуру аныкталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG