Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Эмдөө шартын билбегендер арбын


11-июлда Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасы келди.
11-июлда Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасы келди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 11-июлда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы келгенин билдирген. Жер-жерлерде атайын пункттар ачылып, өлкөдө жапырт эмдөө башталат. Жарандар кайсы жактан, кандай шарттарда вакцина ала алышат?

Бишкек шаарында билим алып жаткан студент Перизат Андаш коронавируска каршы эмделе элек миңдеген кыргызстандыктардын бири.

"Биринчисинде менин толук маалыматым жок эле. Кандай болот, эмне болуп кетет деп корктум. Ошондуктан алган эмесмин. Азыркысында алайын деп чечтим. Себеби, өлкөдө кырдаал курчуп жатат. Кытайдан вакцина келгенин уктум, бирок кайсы жактан аларымды билбей турам".

Кытайдан алынып келинген 1 миллион 250 мин доза вакцинанын 150 миңин Бээжин жардам ирээтинде акысыз берип, калганын кыргыз өкмөтү сатып алган. Sinopharm вакцинасы келээр күнү эле бөлүштүрүлүп, учурда убактылуу ачылган эмдөө пункттарына жана аймактарга жеткирилип жатканын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Жылдыз Айгерчинова билдирди:

Жылдыз Айгерчинова
Жылдыз Айгерчинова

"Бүгүн түнү менен бардык региондорго бөлүштүрүлүп, атайын автоунаалар менен жиберилди. Бишкек шаарында үй-бүлөлүк медицина борборлоруна да вакциналар таркатылып берилди. Азыр даярдык иштери жүрүп жатат. Эртеңки күндөн баштап эрте мененки 10:30дан кечки саат 21:00гө чейин иштешет. Андан сырткары мобилдик бригадалар да түзүлүп жатат. Алар базарларга барып, ошол жерден калкты эмдешет".

Маалыматка караганда, коронавируска каршы эмдөө үчүн 847 пункт ачылат. Алардын 599у медициналык мекемелерде, 100ү мектеп, окуу жайлардын имараттарында, 12си чоң соода борборлорунда, 30у базарларда жана 12 мобилдик бригада иштери айтылды.

Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин алдында эмдөөдөн өтүп жаткандар. 11-июль, 2021-жыл.
Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин алдында эмдөөдөн өтүп жаткандар. 11-июль, 2021-жыл.

Вакцина келери менен жекшемби күнү Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин алдында атайын пункт ачылып, социалдык тармактар аркылуу да элди эмделүүгө үгүт башталган. Деген менен өзгөчө аймактарда кайсы жерден эмдөөдөн өтүүнү билбегендер бар экен. Алардын бири - Баткен облусунун тургуну Асел Ибрагимова.

"Жакындарым, туугандарым вакцина алууну туура эмес деп ойлошот. Мен вакцина алганга абдан кызыкдармын. Бирок эч кандай маалымат уккан жокмун. Ошого атайын чакырып беришеби же барып аларыбызды билбей жатам".

Мындан улам калктын маалымат менен камсыз болушун сурап Саламаттык сактоо министрлигинин Ден соолукту чыңдоо борборунун директору Нурила Алтымышеваге кайрылдык. Ал аймактарга атайын адистер жиберилип жатканын билдирди.

Нурила Алтымышева
Нурила Алтымышева

"Биздин адистер бүгүн Баткенге да учуп кетишти. Эртең-бүрсүгүнү эл менен жолугушат. Андан кийин Ош шаарына барышат. Ошентип жер-жерлерде эл менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Андан сырткары айылдык ден соолук комитеттери элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чоң салым кошуп жатышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилегендей, вакцинаны кош бойлуу, бала эмизген келиндерден сырткары 18 жаштан жогорку бардык жарандар ала алат. Кыргызстанда учурда эмдөө акысыз. Бирок адистер эмдөөдө айрым жагдайларды эске алыш керектигин эскертишет.

"Эмдөөнүн алдында антиденечеге тест тапшырыштын кажети жок. Анткени, биз антиденече качан кетерин билбейбиз. Ошондуктан жарандар ага акчасын коротпой эле, барып эмделе берсе болот. Ошондой эле эмдөөнүн алдында суук тийүү же грипп сыяктуу эч кандай оорулар менен оорубашы керек. Мындан сырткары онкологиялык жана башка оор дарттарга каршы терапиядан өтүп же дарыларын ичип жаткан болсо, 90 күн күтүп, андан кийин эмделсе болот. Жарандар аллергиялык реакциялар боюнча да көп сурап жатышат. Эгерде бактан же жана башка өсүмдүктөрдөн чыккан чаңдардан аллергиясы бар болсо, алар вакцинаны коркпой эле ала бериш керек. Ал эми дары-дармектерге аллергиясы бар жарандарга эмделүүгө болбойт",-деди Республикалык эмдөө борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев.

Учурда өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы эмделгендердин саны 129 миңден ашты. Алардын 84 миңден көбү эки дозасын тең алды (вакцина бир адамга эки дозада сайылат, ортодогу аралык үч жума болот).

Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан дагы Sputnik-V вакцинаcын алган. COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери маалымдалган, бирок анын датасы белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG