Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Өлкөнүн төрт шаарында эмдөө пункттары күнү-түнү иштейт


Кыргызстанда калкты жапырт эмдөө башталды.
Кыргызстанда калкты жапырт эмдөө башталды.

Бишкек, Чолпон-Ата, Каракол жана Ош шаарында калкты коронавируска каршы эмдөөчү нөөмөт пункттар күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова кабарлады.

Анын айтымында, Sinopharm вакцинасы бүгүн, 12-июлда өлкөнүн аймактарына жеткирилет. Бул үчүн атайын унаа жана вакциналарды сактоочу муздаткычтар каралган.

Калкты тез арада эмдөө үчүн эл көп чогулган парк, аянттарга атайын чатырлар тигилет.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза Sinopharm вакцинасы келди. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов июль айынын аягына чейин дагы 1,2 миллион доза Кытайдан вакцина келерин кабарлады.

29-мартта башталган коронавируска каршы эмдөөдөн өлкө боюнча 130 миңге чукул киши өттү. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG